Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Сан-Паулу соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рубин Сторис Миграно менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандан 40ка жакын ишкер катышты. Өзгөчө көңүл кофе индустриясына бурулду.
Бразилия кофе өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Ал эми кофе фестивалында айтылган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ичинен кофе керектөө боюнча алдыңкы орунда турат.

Бул тармак Кыргызстанда активдүү өнүгүп, көптөгөн жаштарды ишкердикке тартууда. Ошондуктан кофе индустриясында тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты кеңейтүү келечектүү багыттардын бири болуп саналат.

Ошондой эле Бразилия дүйнөдөгү ири эт өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын бири.

Бул багытта да ишкердик байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү