Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Көчөдөгү жарыктандырууларды бир калыпка салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу энегергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, көчөдөгү жарыктандырууларды күндүзү дагы күйгүзүлүп калып жаткандыктан өчүрүү муктаждыгы жаралган. Министрдин биринчи орун басары жарыктандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көзөмөлдөшөрүн, андыктан аларга эскертүүлөр берилгенин айтты. Ал кошумчалагандай, эми көчө жарыктандырууларына 2 түрдөгү датчиктер коюла баштайт.

"Бардык көчөлөргө убакыт же күн менен өлчөнгөнгөн датчиктер коюлат. Мисалы, Күн чыкканда автоматтык түрдө өчүп, Күн батканда кайра күйөт. Убакыт менен өлчөнгөн датчикте белгиленген мөөнөт коюлат. Ошонун негизинде автоматтык түрдө өчүп, кайра күйүп турат", - деди ал бүгүн "Биринчи радиого" курган маегинде.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты