Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды
Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов шотокан каратэ-до боюнча XV дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алды.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, дүйнө биринчилиги 9-15-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн. Мелдеште 47 өлкөдөн келген 1140 спортчу жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашкан.
Аталган биринчиликте өлкө намысын 55 спортчу коргогон. Эл өкүлү Эргешов 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ дисциплинасы боюнча катышкан. Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздашкан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу