Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти
2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун активдери 17,7 %га өсүп, 1 трлн 425 млрд сомду түзгөн. Ал эми кредит портфели 29,9 %га көбөйүп, 658,7 млрд сомго жеткен.
Банктардын жалпы депозиттик базасы 5,3 %га өсүп, 912,3 млрд сомду түзгөн.
Ошондой эле ислам каржылоосунун көлөмү жыл башынан бери 64,2 %га көбөйүп, 31,6 млрд сомго жеткен. Учурда алты коммерциялык банк ислам банк ишинин принциптери боюнча кызмат көрсөтөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу