Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды

Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды

23-ноябрга карата республика боюнча күзгү ным топтоо сугатынын алкагында 290,65 миң гектар жер сугарылды. Бул белгиленген пландын 96 пайызын түзөт.

Айыл чарба министрлиги учурда ным топтоо иштери уланып жатканын кабарлады.

Учурда республика боюнча дарыялардан, суу сактагычтардан, булактардан жана жер астындагы суулардан секундасына 42,317 м³ суу алынып, негизинен күзгү ным топтоо сугатына берилүүдө.

Жыл башынан бери сугатка жалпы 5 млрд 222,06 млн м³ суу берилип, план 82 пайызга аткарылды. Ал эми сугарылган аянт 3 млн 9,46 миң гектарды түзүп, белгиленген пландын 80 пайызы аткарылды.

Күзгү сугаттын жалпы көлөмүнүн ичинен 219,69 миң гектары күзгү ным топтоо сугатына, 70,962 миң гектары күздүк эгиндерди себүүгө чейинки жана себүүдөн кийинки сугарууга туура келет.

Облустар боюнча күзгү ным топтоо сугатынын аткарылышы төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 56,991 миң гектар (план 123%);
  • Ош облусу – 26,318 миң гектар (84%);
  • Жалал-Абад облусу – 41,256 миң гектар (96%);
  • Нарын облусу – 20,764 миң гектар (68%);
  • Талас облусу – 42,9 миң гектар (91%);
  • Ысык-Көл облусу – 42,728 миң гектар (93%);
  • Чүй облусу – 59,695 миң гектар (105%).

Белгилей кетсек, сугат суунун жалпы көлөмүнүн пландагыдан аз болушуна жаз айларында, тактап айтканда апрель–июнь мезгилинде жаан-чачындын нормадан көп жаап, топурактагы нымдуулуктун жогору болушу себеп болгон.

Натыйжада 78,3 миң гектар дан эгиндери жана 17,1 миң гектар көп жылдык чөп аянттары биринчи сугатка муктаж болгон эмес.

Күзгү ным топтоо сугаты айыл чарба өсүмдүктөрүн кийинки жылдагы вегетациялык мезгилге даярдоодо, топуракта жетиштүү нымдуулукту камсыз кылууда жана түшүмдүүлүктү жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлду

Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет

Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн жаңы токтом кабыл алды

Садыр Жапаров: "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү"