Кыргызстан - Грузия соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды
Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талуулашты.
Ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын учурдагы ишмердиги каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди жандандырууну макулдашты. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө басым жасашты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу