Виноградное айылында мал базар курулуп жатат

Виноградное айылында мал базар курулуп жатат

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов кечээ Виноградное айылында курулуп жаткан мал базарын барып көргөнүн "Кабар" агенттиги жазды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, шагыл төгүү жана аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылып жатат.

Маалым болгондой, буга чейин Токмок шаарында жеке менчик мал базары иштеп келген, бирок санитардык жана ветеринардык талаптар сакталбагандыгына байланыштуу жабылган. Ушуга байланыштуу Виноградное айылындагы мал базары жарандар мал соодасын тоскоолдуксуз жүргүзө ала турган убактылуу альтернативдүү аянтча катары каралууда.

Белгилей кетсек, аталган мал базар пилоттук долбоор катары ишке ашырылып жатат. Анын ишмердүүлүгүнө үч ай бою мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша мындан аркы өнүктүрүү жана ушундай аянтчаларды туруктуу негизде киргизүү маселеси каралат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды