Кесиптик бирликтер акчаларына эс алуучу корпустар курулуп жатат

Кесиптик бирликтер акчаларына эс алуучу корпустар курулуп жатат

Мүчөлөрдөн чогулган каражаттар натыйжалуу пайдаланууга өткөнү мүлккө байланышкан маселелер туура чечилип жатканын “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде билдирди.

“Советтер союзу кулап, кесиптик бирликтер пансионаттарды бөлүштүрүп алганда, Кыргызстанга 217 эс алуучу жай өткөн. Бүгүнкү күндө ошолордун 101и объектиси сатылып кеткен. Учурда алар боюнча 108 сот иши жүрүп жатат. Бизге өткөн 5 объектинин ижарасынан түшкөн каражат бүгүнкү күндө 71%га өстү. Алар айлык акыга жумшалууда. 

Жолдомолорго президент тарабынан мораторий коюлгандыктан, ал каражаттар эс алуу жайларын оңдоп-түзөө иштерине кетүүдө. Ал эми мүчөлөрдөн чогултулган 1% каражаттар жумушчулардын жана алардын балдарынын эс алуусуна жумшалууда. Өткөн жылы тармактык комитеттер 96 млн сомго 37 миң адамды эс алдырган”,-деди ал. 

Төраганын айтымында эки жылдык реформалардын негизинде кесиптик бирликтерге 1С системасы киргизилди. 

“Система аркылуу толук кандуу эсеп саясаты жүрүүдө. Учурда мүчөлөрдөн канча акча келип жатканы, канча акча кайда жумшалып жатканы тууралуу комитеттин ар бир төрагасы айтып бере алат.

Мисалы, Агартуу системасында 170 миң мүчө бар. Алардан чогулткан 55 млн сомго “Кызыл гвоздика” пансионатында мугалимдер үчүн корпус курулууда. Мындай көрүнүш өлкөнүн эгемендүүлүгүндө биринчи жолу болуп жатат.
Ошондой эле саламаттык сактоо тармагынын комитети былтыр 22 млн сом чогултуп, быйылкы жылы ал сумманы 40 млн жеткирүүнү пландап жатат. Алдыда бул каражатка балдардын “Ден соолук” лагерине 40 кишилик корпус курулат. Булар жалпы мүчөлөрдүн каражатына курулуп жаткан имараттар”,-деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет. "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы