Бишкек мэриясынын жаңы имараты курулуп баштайт
Бишкек шаарынын мэриясы үчүн жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын ичинде башталышы пландалып жатканы Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында белгилүү болду. Курулуш тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров ырастады.
Бул маселе боюнча суроону Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынан депутаты Эльмир Досалиев көтөрүп, мэриянын арт жагында жайгашкан жаңы имараттын курулушу качан башталарын тактады.
Вице-мэрдин айтымында, мэрия өзүнө жаңы имарат курууну пландап келет. Долбоор 2020-жылы эле иштелип чыккан, бирок учурда ага өзгөртүүлөр киргизилип, кубаттуулугу кеңейтилүүдө.
"Корректировкалоо иштери аяктагандан кийин, болжол менен ушул жуманын аягында курулуш иштерин баштоо пландалууда. Имарат эки жер төлө кабаттан туруп, анда унаа токтотуучу жай (паркинг) каралат", — деди Азамат Кадыров.
Эске салсак, буга чейин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы муниципалдык имарат азыркы мэриянын Киев көчөсү, 7 дареги боюнча арт жагында жайгашкан унаа токтотуучу жайдын ордуна куруларын билдирген. Учурда бул жай иштебейт.