Курулуш министринин орун басары 500 миң сом маяна кайдан чыкканын түшүндүрдү

Курулуш министринин орун басары 500 миң сом маяна кайдан чыкканын түшүндүрдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бардык кызматкерлери жогорку маяна алышпайт. Министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айрым кызматкерлер эмне себептен 500 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн экенин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Кыргызстанда архитекторлордун саны аз, ал эми технологдор өлкө боюнча болгону сегиз эле адам.

"Архитекторлор 6–7 жыл окушат. Долбоор даярдоодо алар бир чарчы метрине 15–20 доллардан алышат. Мурда Архитектура департаменти жок болчу, министрлик долбоорлорду өзү жасабай, жеке компанияларга берип келген. Ошондо депутаттар: “Эмне үчүн чоң институт өз алдынча долбоор чийип бере албайт?” деп сурашкан. Биз департамент түзүп, архитекторлорду жана конструкторлорду жумушка алдык", — деди министрдин орун басары.

Ал мисал катары айлык акысы 477 миң сом болгон бир кызматкерди келтирди. Ошол эле учурда бул каражат бир эле долбоор үчүн жана чоң көлөмдөгү жумуш үчүн төлөнгөнүн белгиледи. Мындай айлык ар ай сайын берилбейт, айрым учурларда бир нече ай бою таптакыр айлык албай калышы мүмкүн.
"Бардык кызматкерлер мындай айлык алышпайт. Курулуш министрлигинин борбордук аппаратындагы 45 кызматкер Каржы министрлигинен айлык алат, ал эми 2 миң 236 кызматкер бюджеттен бир тыйын да алышпайт. Биз — өзүн өзү каржылап, мамлекетке салык төлөгөн жалгыз министрликпиз. Менин айлыгым 64 миң сом, ал эми Жогорку Кеңештин башкы адиси 80 миң сом алат", — деди Талантбек Иманакун уулу.

Буга чейин Жогорку Кеңеште министрликтин саясаты сынга алынган, анткени ал турак жай бааларынын өсүшүнө алып келип жатканы айтылган. Ошондой эле депутаттар министрдин социалдык тармактарда айрым кызматкерлер 500 миң сомго чейин айлык алат деп мактанып жазганына нааразы болушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, бул алдамчылыктын схемасы болуп саналат. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбей,  бейтааныш адамдарга акча которуу операцияларын жүргүзбөш

БШК №13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерге  7 млн сом кайтарат

БШК №13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерге 7 млн сом кайтарат

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болгон 25 жаранга 7 млн сом шайлоо күрөөсүн кайтаруу маселеси каралды. Чечим БШКнын 13-февралдагы №13 округ боюнча 1-мартка дайындалган кайталап шайлоону жокко чыгаруу тууралуу токтомунун негизинде кабыл алынды. Кайтаруу кайталап шайлоо жокко чыгарылганына жана 30-ноябрдагы шайлоого катышкан