Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген кыргыз делегациясы Франциянын Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз тарапка жалпы аянты 130 миң чарчы метрге жакын көп тармактуу медициналык комплекс көрсөтүлдү. Анда 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационар жана 500 орундуу күндүзгү стационар каралган.

Медициналык шаарча заманбап дарылоо корпустарын, диагностикалык борборлорду, операциялык жана реанимациялык блокторду, ошондой эле тик учак конуучу аянтчаны камтыйт.

Мындан тышкары, комплексте жашыл зоналар жана бейтаптар менен шаар тургундары үчүн сейилдөө аймактары уюштурулат.

Кыргыз делегациясы медициналык комплекстерди курууда колдонулган архитектуралык жана инфраструктуралык чечимдер, ошондой эле жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары менен таанышкан.

Министрликтен белгилешкендей, Франциянын тажрыйбасы Бишкекте медициналык шаарча куруу долбоорун ишке ашырууда колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн