Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санактын башталышын салтанаттуу түрдө жарыялады.

Ал өз сөзүндө быйылкы көчмөндөр оюндары 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө башталарын белгиледи.

Улан Маматканов Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен ата-бабалардан калган улуттук спорттук оюндарды жандандырып, көчмөн элдердин маданиятын дүйнөгө таанытып келгенин айтты.

“Алдыдагы оюндарда дүйнөнүн төрт тарабынан келген элдер көк бөрүнүн дүбүртүн угуп, комуздун күүсүн тыңшап, көчмөндөрдүн улуу рухун сезет”, — деди ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары алдыдагы 100 күн чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү негизги милдет экенин кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда Улан Маматканов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы Кыргызстан элинин аброю экенин айтып, элди өлкөнүн атын дүйнөгө даңазалоого чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген