Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, спорт объектисинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,4 миллион сом бөлүнгөн.

Ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы спорт зал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым кошорун белгиледи.

Анын айтымында, спорт зал тургундарга, өзгөчө жаштарга сергек жашоо образын калыптандырууга жана спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында дагы жаңы спорт комплекси ачылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти