Бишкекте бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөт
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөрүн Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков билдирди.
Анын айтымында, учурда муниципалитетте тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат жана шаардын аймагын толугу менен санариптештирүү пландалууда.
"Биз кайсы жер тилкелери ижарада экенин, кайсылары бош экенин так көрсөтүп, элге маалымат бере алабыз", — деди ал.
Ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 49 миллиард сом багыттала турганын маалымдады.