Парламенттик комитет Таш-Дөбөдөгү илимий-изилдөө институтун оңдоо маселесин көтөрүштү

Парламенттик комитет Таш-Дөбөдөгү илимий-изилдөө институтун оңдоо маселесин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөлөрү көчмө жыйындын алкагында Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар институттун негизги көйгөйлөрүн угушту.

"Дарылоо мекемесинин имараты 1984-жылы курулган жана ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Буга карабастан, мекеме ишин улантып, жыл сайын өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген орто эсеп менен 13 миңге жакын бейтапты кабыл алууда. Депутат Гүлнара Баатырова институттун коом үчүн маанилүү ролун белгилеп, бейтаптар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүүнүн зарылдыгын айтты. Анын пикиринде, өзгөчө баатыр энелерди акысыз дарылоо маселесине көңүл буруу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле депутат Гулкан Молдобекова тамак-ашка каралган учурдагы каржылоо жетишсиз экенин белгилеп, аны көбөйтүү зарылдыгын билдирди.

Комитеттин мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигине институтту заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу, имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү сунушташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда. Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты. Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары эсептелет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул объектилердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт. Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу жана аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз