Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү
Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды.
Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же Кара-Балта шаарларына көчүрүүгө болот. Бул да Бишкектеги тыгындардын деңгээлин белгилүү бир деңгээлде азайтмак.
"Ошондой эле ири университеттерди Токмокко же Кара-Балтага көчүрсө болот. Студенттердин бул шаарларга келиши алардын экономикасына жана инфраструктурасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизмек", — деди депутат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев депутаттын бул сунушун колдоп, МинКаб программаларын иштеп чыгууда бул маселени изилдеп көрүүгө убада берди.