Таласта менчиктештирилип кеткен стратегиялык объекттер мамлекетке кайтарылды

Таласта менчиктештирилип кеткен стратегиялык объекттер мамлекетке кайтарылды

Талас облусунда калкты суу менен камсыз кылуучу маанилүү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнүн УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы "Тобой" коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Т.Д. айрым мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, элге керек болгон суу алуучу жайларды мыйзамсыз түрдө өз уюмунун балансына өткөрүп алган.

Ал кызматтык абалынан пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен "В" категориясына кирген стратегиялык объекттерди мыйзамсыз менчиктештирген. Кийин бул объекттерге тиешелүү болгон, жалпы баасы 36 млн 415 миң 400 сомду түзгөн, инфраструктурасы бар 1,7 гектар, 0,68 гектар жана 1 гектар жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп жиберген.

"Тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул объекттер толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда. Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты. Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары эсептелет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул объектилердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт. Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу жана аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз