Ысык-Атада газбетон чыгаруучу завод иштеп баштайт

Ысык-Атада газбетон чыгаруучу завод иштеп баштайт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Ата районунда курулуп жаткан автоклавдык газобетон блокторун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр курулуштун жүрүшү жана жабдуулар менен таанышып, долбоорго толук колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Аталган завод "ХУА РУЙ" ЖЧКсы тарабынан инвестициялык келишимдин алкагында курулууда, долбоордун жалпы баасы 10 млн долларды түзөт. Завод 2026-жылдын апрель айында пайдаланууга берилери пландалууда.

Ишкана заманбап кытай технологиялары менен жабдылып, күнүнө 500дөн 1500 куб метрге чейин, жылына 200 миң куб метрге чейин автоклавдык газобетон блокторун чыгарууга жөндөмдүү болот. Бул ички рынокту сапаттуу жана жеткиликтүү курулуш материалдары менен камсыздоого, ошондой эле импортко болгон көз карандылыкты азайтууга шарт түзөт.

Учурда негизги өндүрүш корпустары курулуп бүтүп, жабдууларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Кийинки этапта адистер окутулуп, заводду пайдаланууга берүү каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда. Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты. Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары эсептелет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул объектилердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт. Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу жана аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз