Бишкекте 29 миң бала бала бакчалар кезегинде турат

Бишкекте 29 миң бала бала бакчалар кезегинде турат

Бишкек шаарындагы бала бакчаларга 36 миңден ашуун бала барып жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 29 миң бала кезекте турат.

"Акыркы беш жылдын ичинде Бишкек шаарында 26 бала бакча ачылды. Алардын 18и — жаңы курулган бала бакчалар, ал эми 8и мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары. Бул объектилер УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, андан кийин максаттуу пайдалануу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", — деди мэр.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кытай юани дүйнөлүк резервдик валютага айланабы?

Кытай юани дүйнөлүк резервдик валютага айланабы?

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин юанды дүйнөлүк резервдик валютага айлантуу зарыл экенин билдирген. Эл аралык резервдерде кытай валютасында кармалган активдердин үлүшү улам өсүүдө. Бул жагдай долларга жана Батыштын каржы системасына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу РИА Новостинин талдоосун сунуштайбыз. Убакыт келди Си Цзиньпинин айтымында, эл аралык соодада, инвестицияларда, каржы

А.Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин уланат

А.Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин уланат

Бишкек шаарында Бакаев көчөсү Москва көчөсүнө чейин узартылып, Бейшеналиева көчөсүнө чыгарын вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мэрия Бакаев көчөсүн темир жол өтмөгүнүн алдынан Бөкөнбаев көчөсүнө чейин ачкан. Кийинки этапта жолду дарыянын боюн бойлой Москва көчөсүнө чейин улантуу жана Бейшеналиева менен Москва көчөлөрүнө чыга турган көпүрө куруу пландалууда.

"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

9-февралда Экономика жана коммерция министрлигинде "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты улуттук бренд" сынагына катышуучу продукцияларды тандоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында БАБП бренди менен сертификацияланган 7 облусунан 60тан ашуун продукция каралды. Алардын

Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда сугат каналдары тазаланып, Ош шаарын аралап өткөн каналдар иретке келтирилип айрым бөлүктөрү бетондолуп жатат. Мыйзамсыз курулуштар алынгандан кийин суу жээктери бошоп, тазалоо иштерине техникалардын киришине мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары суу бөлүштүрүү жайларында капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары аткарылууда. Суунун агымына тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылып, ылай таштандылар тазаланып жатат.