Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты 9 кабаттуу болот

Бишкек мэриясынын жаңы имараты тогуз кабаттуу болорун бүгүн шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында маалымдалды.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы бөлүгүндө эки деңгээлдүү унаа токтотуучу жай каралып, ал алдын ала эсеп боюнча 80 автоунаага ылайыкталат.

Жаңы имаратка кайсы түзүмдөр жайгаштырылаары тууралуу кеңири маалымат депутаттарга берилген жок. Аткаминерлер долбоор дагы такталып жатканын белгилешти.

Буга чейин Киев көчөсүндөгү азыркы мэриянын имаратынын жанындагы жабык унаа токтотуучу жайдын ордунда жаңы административдик имаратты куруу үчүн даярдык иштери башталганы кабарланган.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

Кыргызстандын геостратегиялык жайгашуусу өлкөгө финансылык, соода жана логистикалык агымдар үчүн ири аймактык хабга айланууга мүмкүнчүлүк берери 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасында белгиленген. Максатка жетүү боюнча негизги көрсөткүчтөр: * темир жол транспорту аркылуу жүк ташууну жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү; * республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу жана оңдоо; * кампалык

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

11-февралда Бишкек шаарынын мэриясында "Үмүт үйү" социалдык стационардык мекемесинин директоруна 2 020 311,73 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Сертификатты Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты. Мэр мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

КРнын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Атайын өкүлү жана координатору Кэри Джонстон менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууда адам сатууга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде мындай кылмыштарды аныктоо жана иликтөө механизмдерин өркүндөтүү, жабырлануучулардын укуктарын коргоо жана

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

2025-жылы Алматыга туристтердин агымы көбөйгөнүн Казинформ кабарлады.  Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында шаарга дээрлик 1,87 млн адам келген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га көп. Алардын ичинен 563 миңден ашыгы чет элдик туристтер, ал эми дагы 1,3 миллиону ички саякатчылар болгон. Шаардын туризм башкармалыгынын маалыматы боюнча, тармакка