Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын мэрияга өткөрүп берүүгө даяр

Коргоо министрлиги Кант шаарындагы аскер шаарчасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин коргоо министри Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Бакыт Тентишев бул маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, негизги көйгөй от казандын абалына байланыштуу экенин айтты.

"Мен тургундар менен жолугуп, эмне болуп жатканын сурап жатам. Айрымдары Коргоо министрлиги өткөрүүдөн баш тартып жатат дешсе, башкалары мэрия кабыл албай жатат дешет. Акыры ким баланска алгысы келбей жатат? Маселе эмнеде?" — деп суроо узатты ал.

Министр мекеме аскер шаарчасын эртең эле өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты. Анын айтымында, маселе каржылоодо — от казанга кошумча казан сатып алуу зарыл, бул болсо ири каражатты талап кылат.

Депутат мэрия от казан оңдолмоюнча шаарчаны баланска ала албай турганын билдирди, анткени бул жергиликтүү бюджетке кошумча чыгым жаратат.

Ошондой эле ал буга чейин тургундардын бир бөлүгү көчүрүлгөнүн, бирок көйгөйлөр дагы эле чечилбей жатканын кошумчалады. Парламентарийдин айтымында, аскер шаарчасынын инфраструктурасы канааттандырарлык эмес абалда: үйлөр 1960–1970-жылдары курулган, аймак көрктөндүрүлгөн эмес, балдар жана спорт аянтчалары оңдоого муктаж, ички жолдор бузулган.

Депутат маселени каржылоо жагынан чечүү үчүн Министрлер кабинетине кайра кайрылууну сунуштап, шаарчаны муниципалитетке техникалык көйгөйлөрү чечилген абалда өткөрүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда. Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты. Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары эсептелет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул объектилердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт. Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу жана аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз