Нарын облусунда ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди
Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкелерин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзөмөл органы тарабынан ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарынын сакталышы текшерилген.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, ата-энесиз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып берилди.
"Учурда аталган жер тилкелерине тийиштүү укук тастыктоочу документтер даярдалып, ээлерине тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.