Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу 1,4%га өстү
Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулаганын "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди.
Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилген.
"Облус аймагында турак жайын камсыздандырган жарандардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2026-жылдын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4% жогору. Бул багытта уюм облустагы 3 район менен 3 шаарда жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, филиалдын кызматкерлери жер-жерлерге барып окууларды, бекитилген медиа пландын негизинде иш-чараларды уюштурууда. Ал эми бул иштер жарандардын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга жана мүлктү коргоо деңгээлин арттырууга багытталган", - деп белгиледи Жакшылыков.