Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн кеңешме жыйынында өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыдагы жылдарга карата стратегиялык пландар талкууланды. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди.

Анын айтымында, багбанчылык тармагында фермерлерди сапаттуу жана сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыздоо негизги багыттардын бири болуп саналат.

Үрөнчүлүк тармагында 2028-жылга чейин кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүн 37,1 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Бул учурдагы көрсөткүчтөн 30%га көп. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эки мамлекеттик питомник түзүлөт.

Өсүмдүктөрдү коргоо багытында Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларындагы лабораториялар толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2026-жылы ишке берилет. Ал эми Борбордук токсикологиялык лабораторияны 2027-жылы ачуу пландалууда.

Кооперацияны өнүктүрүү максатында кооперативдерге техника берүү иши улантылып, 2026-2027-жылдары 2000 гектарга жакын аянтка кызмат көрсөтүлүп, 120дан ашык жаңы жумуш орун түзүлөт.

Министрлик айыл чарбасын өнүктүрүүдө ресурстарды үнөмдөөчү жана заманбап технологиялардыкиргизүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Алардын катарына акылдуу теплицалар, тамчылатып сугаруу системалары, робототехника, вертикалдык чарбалар, ошондой эле дрон жана спутник аркылуу мониторинг жүргүзүү кирет.

Мындай технологияларды колдонуу түшүмдүүлүктү 25-35%га чейин жогорулатууга, сууну жана жер семирткичтерди үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Жыйынтыгында министрлик айыл чарбасын заманбап, натыйжалуу жана экологиялык туруктуу тармак катары өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттарды белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен