Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды
Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди.
Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.
"Бул көрсөткүчтү мындан дагы көбөйтүү үчүн филиал тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери, социалдык тармактар жана ЖМКлар аркылуу жарнамалык роликтер, маалымат баракчалары таратылууда. Ал эми 2025-жылы Нарында 16 миң 278 турак жай камсыздандырылган. Анын ичинен 48 турак жайга 1 млн 158 миң сом акча каражаты төлөнүп берилген", - деди орун басар.