Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган.

Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң 663 сом бөлүнгөн, ал эми жергиликтүү бюджеттен 104 миң сом каралган. Кампанын жалпы сыйымдуулугу 200 тонна продукцияны түзөт.

Курулуш иштери 2024-жылдын 26-апрелинде башталып, учурда толугу менен аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даяр.

Министрликтин маалыматына караганда, кампа айыл чарба продукциясын сактоо үчүн арналган. Анда пияз, сабиз, капуста, болгар калемпири сыяктуу жашылчалар, ошондой эле алма жана курма сыяктуу мөмө-жемиштер сакталат.

Мындан тышкары окуңуз

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген жыйында чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектебин түзүү тууралуу чечим колдоого алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлүп, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталат. Жаңы билим берүү уюму жарандардын заманбап IT-программаларга акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу,