"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди.
"Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз инвестор көп функциялуу борборду курат, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Шаар салык жана жерди колдонуу ижарасынан пайда табат", — деди Байгончоков.
Ошондой эле ал келишимдин мөөнөтү бүтсө объект шаар мүлкү болуп каларын билдирди.
Вице-мэр Азамат Кадыров райондогу инфраструктура шаардын башкы планында каралганын билдирди.
"Ал жерде буга чейин чоң базар иштеп жаткан. Башкы план долбоорунда бардык соода комплекстерин эске алуу менен инфраструктура каралган. Ошондой эле базардын айланасындагы жолдорду реконструкциялоо пландалууда", — деди ал.
Мэрия ошондой эле базарлардын ээлери менен жолугушуулар өткөрүп, аларды айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирген.
Депутат Казыбек Эргешов ал жерде да эртеден кечке чейин жол тыгындар болорун билдирип, ал жердеги ичке жол тыгындарга туруштук бере албастыгын билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында 2,5 миңге жакын коммерциялык объект курулат. Анын болжолу боюнча 80% объект чарчы метри 1100-1400 доллардан сатылып кеткен, бирок укуктук документтери жок.