Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү
2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди.
Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду.
Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин баасы 8 007 сомго арзандап, -7,7% төмөндөгөн.
Эске салсак, кыймылсыз мүлк сайттарындагы баалар иш жүзүндөгү сатып алуу-сатык келишимдеринин баалары менен ар дайым дал келбейт.
Агенттик орточо рынок баасын сатып алуу жана сатуу маалыматтарына таянып эсептейт. Бирок, сатуучулар менен сатып алуучулар көбүнчө бааларды төмөн көрсөтүшү мүмкүн, бул орточо эсепке таасир этет.