Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат
Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады. Вице-мэрдин айтымында, ал жерде жер алдындагы паркинг жана анын үстүндө көрктөндүрүлгөн аймак, башкача айтканда сквер болот.
Азамат Кадыров буга чейин ар кандай варианттар каралганын, жыйынтыгында эки деңгээлдүү жер алдындагы паркинг жана анын үстүндө көрктөндүрүү аймагы болот деген акыркы чечим кабыл алынганын айтты.
Азамат Кадыровдун маалыматы боюнча, башында бул долбоор үчүн 1 млрд сом бюджетке киргизилген, кийин өзгөртүүлөр киргизилип, каражаттын бир бөлүгү райондорду өнүктүрүүгө багытталган.
Вице-мэр Азамат Кадыровдун айтымында жер алдындагы паркинг сөзсүз курулат. "Унаа токтотуучу орундардын саны мурда 34–40 орун болсо, эми 100 унаага ылайыкталган муниципалдык жер алдындагы паркинг болот", — деди ал.