Ош шаарындагы объектилер Курулуш министрлигине өткөрүлөт – Н.Орунтаев
Ош шаарында курулуп жаткан бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтүп, аягына чыгарыларын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирди.
"Президенттин атайын тапшырмасына ылайык бардык курулуштар боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Биринчи этап боюнча, курулушу жүрүп жаткан, бирок аягына чыга элек бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Министрлик бардык иштерди аягына чыгарып, тийиштүү документтер чогултулуп, каражатты туура сарптоо боюнча иш алып барабыз.
Экинчи бөлүктө, иштери аягына чыккан тогуз объект боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал документтерди бүтүрүп, тийиштүү иштер жүргүзүлсө акча каражаттарды которуп берүүгө даярбыз. Президент бул иштерди аягына чыгаруу тапшырмасын койду. Ош шаарынын эли ыңгайсыздыкта калбаш керек", - деди Орунтаев.

Ал калаадагы курулуш объектилеринин иши текшерилип, келишим түзүлөрүн кошумчалады. Орунтаев башталган курулуштардын бардыгы аягына чыга турганын, кошумча дагы башка курулуштарды баштоо планы бар экенин билдирди.
Каражат республикалык бюджеттен жана стабилдештирүү фондунан бөлүнөрүн айтты.