Баткенде үйү, унаасы камсыздандырылгандарга 1,3 млн сом төлөм берилди

Баткенде үйү, унаасы камсыздандырылгандарга 1,3 млн сом төлөм берилди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кырсыкка кабылган тургундарга жана мекемелерге Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун сертификаттарын тапшырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну Буузия Камалидиновага 450 миң сом берилди. Анын 6 бөлмөлүү үйү үстүбүздөгү жылдын 21-февралында электр зымдарынын кыска чыңалуусунан толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган Тез жардам кызматынын Toyota Hilux унаасы үчүн Баткен облустук ооруканасына 870 миң 470 сом өлчөмүндө компенсация төлөндү.

Жыл башынан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалы тарабынан жалпы 9 жаранга 2 млн 193 миң 275 сом төлөндү.

Анын ичинде:

  1. Үйлөрү жабыркаган 6 жаранга 988 миң 406 сом;
  2. Жол кырсыгынан мүлкүнө зыян келген 2 жаранга 334 миң 399 сом;
  3. Тез жардам унаасы үчүн 870 миң 470 сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу кырсык учурунда жарандардын жана мекемелердин чыгымдарын калыбына келтирүүдөгү эң натыйжалуу курал экенин далилдөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом  алган аял кармалды

Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом алган аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Т. А. аттуу жаран кайрылып, “М.” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 12-январда аталган жаран ишенимге кирип, 8 даана тигүү машинаны жеткирип берүү шылтоосу менен алдап 319 миң сом акча

Кыргызстанда свайлуу фундамент менен биринчи мектеп курулат

Кыргызстанда свайлуу фундамент менен биринчи мектеп курулат

Кыргызстанда алгачкы жолу өзгөчө технологияны колдонуу менен мектеп курулуп жатканын Курулуш министрлиги билдирди. Министрлик Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус куруп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Башкы планга ылайык, имарат үч кабаттуу болуп, заманбап талаптарга жооп берет. Курулуш иштеринин жүрүшүндө болжол менен 40 сантиметр

Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаранга багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын тиешелүү органдары менен иш алып барып, натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди. Мындан тышкары,

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Кээде салык төлөө учурунда ар кандай себептерден улам ашыкча сумма төлөнүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда жарандар жана ишкерлер бул каражатты кайтарып алуу же башка салыктарга чегерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. “Ишкер медиа” ашыкча төлөмдү эсепке алуу жана кайтарып берүү тартиби тууралуу маалымат менен таанышууну сунуштайт. 👉🏻Ашыкча төлөнгөн сумма — бул салыктын, пайыздардын,