Кыргызстанда эл аралык стандарттагы Улуттук вакцина кампасы курулат
Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук вакцина кампасын куруу долбоорун ишке ашырууну баштаганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин "Вакциналарды сактоо үчүн кампа куруу жөнүндө" тескемесинин алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте бул стратегиялык долбоорду ишке ашырууну баштады.
Жаңы Улуттук вакцина кампасы иммундаштыруу системасынын туруктуулугун жана муздак чынжырдын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу негизги инфраструктуралык объект болот. Чечим саламаттык сактоо тармагындагы өсүп жаткан муктаждыктарды жана вакциналарды сактоонун эл аралык стандарттарын эске алуу менен кабыл алынган.
Курулуш үчүн мамлекет тарабынан Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 186 дарегинде жайгашкан 13 сотых жер тилкеси бөлүнгөн. Бул тилке Республикалык иммунопрофилактика борборунун балансына өткөрүлүп берилген. Долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун стандарттарына ылайык ишке ашырылууда жана улуттук муздак чынжыр инфраструктурасын жаңылоого багытталган. Техникалык-экономикалык негиздеме жана алдын ала смета ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен даярдалган.


Жаңы кампаны куруу зарылдыгы ДССУнун Европа аймактык бюросунун миссиясынын жыйынтыгы менен тастыкталган. Ага ылайык, өлкөдө вакциналарды сактоонун учурдагы инфраструктурасы иммундаштыруу программасынын азыркы жана келечектеги муктаждыктарына жооп бербейт. Сунуштардын ичинде жаңы кампа куруу же борборлоштурулган кампаны кеңейтүү көрсөтүлгөн.
Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен каржыланууда. Атап айтканда, GAVI 1 млн 267 миң доллар бөлгөн.
Жаңы объект заманбап сактоо технологиялары менен жабдылат: температураны көзөмөлдөөчү системалар, реалдуу убакыт режиминде мониторинг, резервдик электр булактары жана запастарды башкаруунун санариптик чечимдери каралат. Кампа стратегиялык вакцина корун, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар жана жугуштуу оорулардын жайылышына жооп кайтаруу үчүн резервди сактоону камсыз кылат.