“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы тосмону бузуу тапшырмасын берди. Ал эми райондук администрациянын башчысына аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле кошумча бак-дарактарды отургузуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул аймакты парктын курамында сактап, анын функционалдык багытын өзгөртүүгө жол бербөөнү жана жер тилкесин парк менен бирдиктүү стилде көрктөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач мэр Орозбеков көчөсүндө жайгашкантөрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп