Wildberries платформасында бизнести кантип баштаса болот? Нускама

Wildberries платформасында бизнести кантип баштаса болот? Нускама

Апрель айынын башында КРнын электрондук ассоциациясы КМШдагы эң ири онлайн-аянтчасы болгон Wildberries сайты менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгон.

Эми кыргызстандык ишкерлер мыйзамдуу түрдө өздөрүнүн товарларын бул аянтчада сата алышат. Эскерте кетсек, аталган сайтта 40 млн колдонуучу жана 90 миң сатуучу бар.

Бизнесин Wildberries платформасында да жайылткысы келгендер үчүн Economist.kg нускама даярдады.

Эмне сатса болот?

Аталган аянтчада төмөнкү категориядагы товарларды сатса болот:

  • аялдардын, эркектердин, жаш балдардын кийимдерин жана бут кийимдерин
  • зер буюмдарын
  • автотоварлар, спорттоварларды
  • электроника
  • китептер, сулуулук үчүн товарларды
  • оюнчуктарды
  • үй буюмдарын, үй жаныбарлары үчүн буюмдарды
  • жана башка товарларды

Эксперттер белгилегендей, колдонуучулар көбүнчө аталган сайттан кийим издешет

Регистрация

Негизинен келишим төрт этаптан турат

  • Сатуучу сайтта маалыматты толтуруп, келишим үчүн керек болгон сиздин атыңызга катталган Жеке ишкер (ИП) же ЖЧКга (ОсОО) катталган документти, паспортту жүктөйт
  • Wildberries алынган маалыматты жана документти карап чыгып, сатуучуга порталга кирүүгө уруксат берет
  • Сатуучу оферта жана сайттын эрежелери менен таанышып чыгыш керек
  • Келишим офертанын негизинде сатуучу аны кабыл алган учурдан тартып же болбосо биринчи товарды реализацияга өткөргөндөн баштап бекитилет
  • Келишим түзүлгөндөн кийин Wildberries сатуучудан кошумча келишимдин ырастоосун талап кылууга укуктуу

Арткы сол бурчта «Сатуучулар үчүн» деген бөлүм бар, регистрацияны ошол жерден өтүүгө болот. Учурда Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын ишкерлери регистрация кылса болот. Ата мекендик жарандар үчүн ИП НДС менен, ИП НДСи жок, НДС менен организациялар, НДСи жок организациялар деп төрт категорияга бөлүнөт.

Сайтка киргизиш керек болгон маалыматтар:

  • Сатуучунун аты-жөнү
  • ИНН

Регистрация кылгандан кийин сизге төмөнкүлөрдү көрсөтүш керек болгон аккаунтуңуздун тескөөсү менен бирге барак ачылат:

  • Сизге акча түшө турган алыш-бериш эсеби
  • Юридикалык адрес
  • Кампа менен болгон байланыш адамы

Жумуштун шарттары

Комиссия менен сыйлыктар. Бул маркетплейстин инфраструктурасын колдонуу үчүн, кирешенин канча бир бөлүгүн алар менен бөлүшүүгө туура келет. Мурда сатуучулар буюртманын жалпы суммасынан 38% берген болсо, 2019-жылы бул 19%га чейин түшкөн. Азыр товардын категориясына жараша түрдүү тарифтер иштейт.

Сатуучу Wildberries сайтынын кызматтарын, тагыраак айтканда, товарды кардарга жеткирүү же кайра кайтаруу болсо бардык акыларын төлөйт. Кызмат акысы келишим боюнча эсептелет, эгерде товар эч бир категорияга кирбесе, анда ар бир жеткирүу акысы 33 рублды түзөт.

Wildberries кайсы убакта болбосун сатуучудан товардын сапатын аныктаган жана ага шайкеш келген документтерди талап кылууга укуктуу. Эгерде сатуучу көрсөтүлгөн убагында жеткирбесе же товарды өзү жеткирип берээри тууралуу алдын ала айтпаса, маркетплейс товардын баасынан 15% айып пул салганга акылуу.

Товарды сактоо жана утилизациялоо. Эгер товар кампада 60 күндөн ашык туруп калса, сатуучу күнүнө ар бир товар үчүн 50 тыйындан төлөйт. Эгер товардын кемтиги бар болсо, товарды утилизациялоону Wildberries өзү жүргүзөт жана сатуучудан бир товар үчүн 33 рублдан алып калат.

Товарды сатуучудан алуучуга өткөрүп берүү, эсеп-кысап тартиби, таңгактоо тартиби, товарды маркалоо, отчеттор тууралуу маалыматтар жана эрежелер менен сайттан таанышсаңыз болот.

Сайтта сатууну көбөйтүш үчүн кеңештер

Сиздин товарыңыз батыраак сатылыш үчүн, талаптарды дайыма анализдеп туруш керек, конкуренция, баа ж.б.у.с. Андан сырткары тажрыйбалуу сатуучулардын бир канча кеңештерине көңүл буруңуз.

  • Кыш-жай, майрамдар, эс алуу сыяктуу мезгилге жана кырдаалга жараша талаптар жөнүндө унутпаңыз
  • Статистика, кардарларга жеткиликтүүлүктүн динамикасы, региондорго сатуу сыяктуу аналитикалык инструменттерди колдонуңуз
  • Товардын баасын көтөрүп туруп, кайра аны «түшүрүү» жолу менен арзандатууларды колдонуңуз. Көп тажрыйбалуу сатуучулар ушул ыкманы колдонушат
  • Сапаттуу сүрөттөрдү колдонуңуз жана товар тууралуу толук маалымат бериңиз
  • Тренддерден артта калбай, «кызыктуу товарларды» сунуштаңыз

Талаптары жана айып салуу системасы көп болгону менен Wildberries менен кызматташуу – сизди көп миллиондуу базарга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган маркетплейсте бизнесиңизди баштардан мурда, ашыкча чыгымга учурабайын десеңиз, кызматташуу эрежелерин кунт коюп окуп чыгыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media