Кандай кредит алуу керек? Кредиттердин оң жана терс жактары

Кандай кредит алуу керек? Кредиттердин оң жана терс жактары

Кредиттер – бул Кыргызстандагы эң көп жактырылган акча каражаты. Насыя алуучулардын саны жыл сайын өсүп жатат. Өткөн жылы коммерциялык банктар 162,6 млрд сомдук насыя беришкен, бул 2019-жылга салыштырмалуу 11%га көп. Ал эми микрокредиттик уюмдардан 2020-жылы кардарларга 31,1 млрд берилген, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 13% га көп.

Көп учурда насыяларды берген каржы организациялары өзүнүн продуктуларын жарнамалап, жагымдуу шарттары тууралуу айтып жатып, кемчиликтери жөнүндө айтпай калышат. Көп учурда билинбеген жактары келишим түзүлүп, кардар кандайдыр бир милдеттенмелерди өзүнө алгандан кийин ортого чыгат.

Эгерде сиз компаниянын жарыясынан «баштап» дегенди окуп калсаңыз, «мынчага чейин» деген акыркы сумма тууралуу сөзсүз билүүгө аракеттениңиз, болбосо, сиз эсептеген сумма башка, акырында төлөй турган сумма таптакыр башка чыгышы ыктымал.   

Economist.kg редакциясы кредиттердин кандай түрлөрүн тандаш керек, төлөө шарттары жана алуу убактылары тууралуу сереп жасады.  

Кредиттик карталар

Бир жагынан алганда, бул насыя ыкмасы аябай ыңгайлууга окшойт, колуңузда дайыма белгилүу бир өлчөмдө акча каражаты болот. Бирок коркунучтуусу, насыя картасынын төлөө мөөнөтү жок. Сиз минималдуу төлөмдү убагында төлөсөңүз эле, банк кредиттик лимитиңизди калыбына келтирип, толтуруп кое берет. Карыз айдан айга өтүп, бул бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн.

Көпчүлүк адамдар жок дегенде бир жолу бир айлык милдетүү төлөмдөрүн унутуп калышат, белгилей кетсек, бул айып пул менен коштолот. Эгерде сиз убагында төлөй албасаңыз, анда насыялык картаны колдонбой эле коюуңузду сунушташат эксперттер.

Кредиттик карталардын эки артыкчылыгы бар – биринчиси, карызды эч кандай үстөк пайызсыз жабууга мүмкүн болгон жеңилдетилген мезгил (бул ар банкта ар кандай болот), экинчиси, товарга карта менен төлөгөндө кийинки сатып алууларда колдонууга мүмкүн болгон бонустар берилет. Кредиттик карталарда карыздарды эмес, бонустарды чогулткан жакшыраак. Бул үчүн картадан накталай акча чыгарып албастан, баарын карта менен төлөгөн ыңгайлуу.  

Мындай кредит чыгымдарын аныктап, бюджетин так пландай алгандар үчүн ыңгайлуу. Болбосо, кредиттик чуңкурдан чыгуу кыйын болуп кетет. Банктар да дайыма кредиттик лимитти көбөйтүү сыяктуу ар түрдүү сунуштар менен сизди азыгырып турат.

Онлайн кредиттер

Онлайн кредит – бул кредиттик карта сыяктуу эле банктын продуктусу болуп саналат. Дээрлик бардык банктардын өздөрүнүн мобилдик банкинг же электрондук капчыгынын тиркемеси бар. Ыңгайлуу тарабы, документтерди чогултуп, тейлөө борборуна барып отурбай эле насыя алып аласыз.

Онлайн кредиттин дагы бир артыкчылыгы болуп, операциялардын бат жүргүзүлүүүсү эсептелет. Башка жагынан алганда, бул кээ бир керектөөчүлөр үчүн кооптуу, анткени кээ бир азгырыктарга алдырып, карызга батып кетүү мүмкүн. 

Башка кредиттердин түрлөрүнө салыштырмалуу, эң чоң кемчилиги болуп – эң жогорку пайыздык чени эсептелет. Мындай жол менен банк өзүнүн тобокелчилигин жапканга аракеттенет, анткени бул учурда алар киреше булагын көрсөтүүнү талап кылышпайт.

Кредиттин мындай түрү шашылыш түрдө белгилүү бир суммадагы акча керек болуп, бирок документтерди чогултууга жана банктын макулдугун күтүүгө убакыт тар болгон кезде, тагыраак айтканда, өзгөчө кырдаалдарда гана сунушталат.

Микрокредиттик компаниялар

Микрокредиттик компаниялардын механизми онлайн кредиттикине окшош –  күтүлбөгөн кырдаалда шашылыш муктаждыктарды канааттандыруу үчүн азыраак суммада берилет. Мындай организациялар өздөрүнүн кардарларына документ чогултууда каттуу талаптарды коюшпайт, бирок тобокелчилигин жогору пайыздар менен негиздешет.

Микрокредиттер өзгөчө кырдаалдарда жана өтө керектүү нерселерди алуу үчүн гана сунушталат.

Көңүл бурулуучу маанилүү нерсе, бул жерде пайыздык чек жылдык эквивалентте эмес, күнүмдүк мааниде, тагыраак айтканда, пайыздар күнүнө эсептелет. Эгерде компания сизге 1%дык кредит сунуштаса, демек, сиздин алган насыяңызга күнүгө бир пайыз кошулуп отурат.

Коммерциялык банктар

Банктар кызмат көрсөтүүлөрдүн жана насыялоо схемаларынын кеңири спектрин көрсөтүшөт. Насыялар максаттуу жана керектелүүчү болуп бөлүнөт. Максаттуу кредиттер курулуш, бизнести өнүктүрүү, айыл-чарба, окуу ж.б.у.с. нерселерге багытталган. Кредиттин мындай түрлөрү ыңгайлуу шарттарда берилет, анткени банк каражаттардын сарпталышынын көзөмөлдөө укугуна ээ. 

Кредиттердин популярдуу түрлөрү:

Керектөө кредиттери. Жогоруда айткандай, коммерциялык банктардагы бул кредиттин түрү башка кредиттерге салыштырмалуу өтө жогорку пайыздык ченге ээ. Артыкчылыгы – сиз насыяны керектөөнүн бардык түрүнө ала аласыз. Анын үстүнө, башка финансы организацияларына салыштырмалуу пайыздык өлчөмдөр төмөнүрөөк. Жаман жагы, алымдардын жана айып пулдардын көлөмү жогору болушу мүмкүн. Эгерде сиз карызыңызды келишимдин мөөнөтү бүткүчө кайтарып берсеңиз, анда кредиторлор баштапкы төлөм айып акысын алышат. Кагаз иштерине көп убакыт кетиши мүмкүн, анткени банк кепилдикке күрөөгө коюуга мүлк сурайт.

Ипотека. Бул эң узак мөөнөткө берилчү кредит. Ипотекалык кредиттердин түрлөрү аябай эле көп. Бул кредиттин эң эле артыкчылыгы болуп, эң төмөн пайыздык ченемдер эсептелет. Бирок ошол эле убакта ипотекалык кредитти алаарда кандайдыр бир белгилүү баштапкы сумманын, көп учурда алына турган мүлктүн баасынын 30%ы болуусу талап кылынат. Жаман жагы, банк чоң сумманы берип жатып, кепилдикке алынып жаткан үйдү күрөөгө коюуну талап кылат. Эгерде менчигиңизде башка мүлк же үй бар болсо, аны күрөөгө койсоңуз болот. 

Бизнес үчүн кредиттер. Киреше алып келип жаткан кредитиңиз, өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүүгө жана масштабдуу кеңейиши үчүн финансылык колдоо талап кылган учурда, кредиттин ушул түрүнө кайрылсаңыз болот. Эгерде бизнес-долбооруңуз так иштелип чыкса, кредиттин тобокелчилиги минималдуу эле болот. Бирок бул учурда банктын макулдугун алыш кыйынга турат, анткени алар сиз карызды кайра кайтарып берүүңүзгө өтө кылдаттык менен мамиле кылышат. Сиз банкка бизнесиңиз канчалык кирешелүү экенин, өзүңүздүн тажрыйбаңызды, бизнес идеяңызды далилдешиңиз керек болот.

Чынында максаттуу берилген кредиттер өтө эле көп. Кредит алаардан мурда рынокту жана сунуштарды кылдат изилдеп чыгыш керек.

Жогоруда баса белгилегендей, кредитти конкреттүү максатка ылайык, өтө зарыл болгон керектөөгө гана алыш керек.

Керектөө кредити тууралуу айта турган болсок, ыңгайлуу шартта алуу үчүн сиздин жакшы кредиттик тарыхыңыз болуш керек.

Ар бир адамдын жашоосунда тез арада каражат керек болуп калган өзгөчө кырдаалдар болот. Кээ бир ушундай учурда кредиттер куткарып калат. Бирок кредитти алуу кадамына баруу үчүн каражатты канчалык максатка ылайыктуу иштетесиз, акча сизге канчалык зарыл, жакшылап ойлонуңуз.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media