КРда күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө – ким эмне дейт?

КРда күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө – ким эмне дейт?

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев кечээ, 8-сентябрда парламенттин радиосунда бензиндин кымбатташын токтотуу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтүп, ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинетин республикага күйүүчү майдын эң ири импортеру болгон Россия менен сүйлөшүүгө чакырды.

«Алына турган алдыдагы 50 миң тонна нефть продукцияларынын чийки затын бензинге айырбаштоо жагын караштырып көрсө, күйүүчү майдын баасын жок дегенде Жаңы жылга чейин кымбаттатпай кармап турууга болот. Антпегенде, 2-3 сомго өсүп кетүү ыктымалдуулугу бар. Себеби, бул – Россиянын бажы алымдарын киргизип жаткандыгына байланыштуу», – деди ал.

Ал эми кечээ, 8-сентябрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Биринчи радиосунун эфиринде ЕАЭБдин ичинде бензиндин кымбаттоосу биринчи кезекте Кыргызстан менен Арменияга таасирин тийгизгенин айтты. Анткени бул өлкөлөр күйүүчү жана майлоочу май өндүрбөйт жана импорттон көз каранды экендигин билдирди.

«Бул дүйнөлүк тенденция. Баалар 2020-жылдын октябрынан тарта, экономиканын жандануусу башталгандан кийин көтөрүлүп баштады», – деди Эшатов.

Ошол эле мезгилде эл өкүлү Аккулу Бердиев: «Баткенде, Чоң-Алайда, Кочкор-Атада нефть запасы 72 млн тоннага жетет. Мындай божомол Кыргызстандын ички муктаждыгы жылына 1 млн тонна нефть материалдарына барабар болсо, дээрлик 72 жылга жете турган ички резерв дегенди билдирет», – деди ал.

Белгилей кетсек, төрт жылдан бери Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү Казакстандан КММны бажы алымдарысыз алып келүү боюнча келишим түзүүнү талкуулап келишет, бирок эч кандай натыйжа боло элек.

КРнын нефтетрейдерлеринин айтымында, эгерде эки өлкө ортосунда келишим түзүлсө, ал жактан алып келүү 1-1.5 сомго арзан болмок.

«Россиянын заводунан 1500 чакырымдан алып келиш керек, ал эми Казакстандан болсо 300-400 эле чакырымды түзмөк», – деди Эшатов.

Белгилей кетүүчү нерсе, өткөн жылы пандемия учурунда Казакстанда мунай көп болуп, алар коңшу өлкөлөргө өткөрүү үчүн бажы ставкаларын жокко чыгарышкан.

«Мурда алардын ставкасы 170$ болчу, өткөн жылдын жай айларында алар бул ченемди нөлгө түшүрүшкөн», – деди Канатбек Эшатов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда КММнын баасы күндөн-күнгө өсүүдө. Сентябрдан тарта Россиядан бензин бажы төлөмү менен келе баштайт, натыйжада, бензиндин баасы дагы 1.5 сомго кымбаттайт.

Анткени Кыргызстан Россия берген бажы төлөмү жок бензиндин лимитин дээрлик түгөткөн. Республика буга чейин 460 миң тоннанын 398 миң тоннасын алган. Калганы 62 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Энергетика өнөр жай министрлиги билдирген болчу.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө ички рынок каныкканга чейин ЕАЭБдин аймагынан тышкары КРдан мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун талкууга койгон. Евразия экономикалык биримдигинин мунай заттарынын жалпы рыноктору пайда болгонго чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media