Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу 850 млн долларга бааланган – негизги донорлор кимдер?

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу 850 млн долларга бааланган – негизги донорлор кимдер?

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерге салынууда. Жолдун жалпы наркы башында 850 млн доллар деп бааланган, бирок учурдагы баасы 937.5 млн долларга жетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» макаласында айтылат.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун жалпы узундугу 433 чакырымдык эң татаал делген 2-фазасы ишке берилди. Бул жолдо эки эстакадалык көпүрө курулуп, алардын биринин узундугу 1076 метр болсо, экинчиси 396 метрди түзөт.

Жолдун 1-2-фазасынын инвестору – Кытайдын Эксимбанкы. Жолдун үчүнчү фазасындагы үч тилкени Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары каржылап жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Жол салуу үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фаза болгон Казарман – Жалал-Абад (154 км) тилкеси колдонууга 2018-жылы берилиш керек болчу. Бирок Кыргызстандагы эң узун 3.8 км туннелди казуу иштери татаал болгондуктан 2018-жылы 30 айга, 2021-жылы 18 айга узартылган. Учурда туннелдин 850 метри калган. Транспорт министрлиги 1-фаза 2022-жылы ноябрда ишке берилерин ишендирген.

  • Эскерте кетсек, Economist.kg басылмасы мурда маалымат бергендей, жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

Кыргызстандын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, 9 жол долбоорун каржылайт.

Эксимбанктан каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (1.1 млрд доллар). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

Азия Өнүктүрүү Банкы дагы КРнын жол тармагында активдүү донор болуп саналат: банк жалпысынан 642.6 млн доллар бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар. Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (CAREC) демилгесинин алкагында Азия банкы «Бишкек – Ош», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Бишкек – Алматы», «Түндүк – Түштүк» жолдорунун бөлүктөрүн курууну жана калыбына келтирүүнү каржылаган.

Япония – Кыргызстандын жол тармагындагы үчүнчү ири донор. Жалпысынан 1992-2020-жылдар аралыгында ал 316.9 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн, анын 76.69 млн доллары грант түрүндө берилген. Япониянын эсебинен «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, «Бишкек – Ош» авто жолун калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каржыланган. Учурда Япониянын жардамынын эсебинен Үрмарал дарыясына көпүрө куруу, «Бишкек – Ош» унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкүсүн тосууга арналган курулуштардын жабдуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Компания аталыштарындагы “адал”, “халал” сөздөрүнө тыюу салуу каралууда

Компания аталыштарындагы “адал”, “халал” сөздөрүнө тыюу салуу каралууда

Министрлер Кабинети компаниялардын аталыштарында “адал” жана “халал” сөздөрүн колдонууга тыюу салууну сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда аталышында бул сөздөр бар 120дан ашык юридикалык жак катталган.  Бирок мамлекеттик органдар айрым ишканалар бул терминдерди халал продукциясына же кызматтарына тиешеси жок болсо да маркетингдик максатта колдонуп жатканын белгилешет.

Курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү талкууланды

Курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү талкууланды

11-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде курулуш тармагына маалыматтык моделдөө (BIM) технологияларын киргизүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Жыйын Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбековдун төрагалыгы алдында өтүп, ага министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Россия, Казакстан жана Татарстандын

Кочкор-Атадагы дыйкан базарында текшерүү жүргүзүлдү

Кочкор-Атадагы дыйкан базарында текшерүү жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 19-майындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Ноокен райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Кочкор-Ата шаарындагы дыйкан базарында текшерүү жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө эт жана эт азыктарын сатуу жана сактоо шарттары, ошондой эле санитардык-

Коммерциялык банктарда депозиттердин көлөмү өсүшүн улантууда

Коммерциялык банктарда депозиттердин көлөмү өсүшүн улантууда

2026-жылдын март айынын аягына карата улуттук жана чет өлкө валютасындагы депозиттердин жалпы көлөмү 916,5 млрд сомго жеткен. Анын ичинен улуттук валютадагы депозиттер 629,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Коммерциялык банктардын Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берүүчү отчётуна ылайык, 2025-жылдын март айында