Жаңы жылга белек – Жаңы Салык кодекси кабыл алынды

Жаңы жылга белек – Жаңы Салык кодекси кабыл алынды

Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Салык кодексин жана аны ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин сайтында айтылат.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Салык төлөөчүлөргө 15 жумушчу күндүн ичинде салык режимин тандоого убакыт берилет. Арызын өз убагында тапшырбагандар электрондук эсеп-фактураларды колдонууну талап кылган жалпы салык режимине которулат.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети салык төлөөчүлөр менен эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес, бизнес-коомчулугу бул кодекстин долбоорун тиешелүү комитетте кароо процессинде да, үчүнчү окууда да жаңы редакциясын көрүшкөн эмес.

Бул бизнес үчүн күтүлбөгөн нерсе болууда, анткени документте кокустан эле жаңы салыктар пайда болгон. Алардын бири сергитүүчү суусундуктарга киргизилген акциз салыгы. Белгилей кетсек, бул салык биринчи окууда жок болчу.

Мындаш тышкары, бул кодексте салык кызматына өзгөчө артыкчылыктар берилген. Жаңы Салык кодексине ылайык, Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша бекитилет.

Ошондой эле патент менен иштеген орто жана чакан бизнестин да «тагдыры» толук чечилген эмес. Мисалы, жаңы кодекске ылайык, милдеттүү патент жок. Эгерде ишкердин  акча жүгүртүү көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, ККМди колдонсо, сырттан экспорттук-импорттук аракеттерди жасабаса, бирдиктүү салык режимин тандаган учурда алар киреше, КНС салыктарынан бошотулуп, нөл пайыздык ставка менен иштейт. Ал эми анын колунда жумушчулары бар болсо, анда алардын айлыгынын эсебинен киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү кармап калышы керек деп айтылса, ыктыярдуу патент боюнча баары так эмес. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиевдин билдиришинче, жаңы кодексте ыктыярдуу патент калган жана ал өкмөт тарабынан каралып чыккандан кийин кайсы тармактарга калтырылат, кийин чечилет.

Кечээ, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев 146-беренеде банкта эсеп ачкысы келген жарандар салык каттоосунан өткөндөн кийин гана эсеп ачууга мүмкүндүк ала алышаары тууралуу айтса, Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев болсо бул банктардын талабы экенин айтты. «Сиз туура эмес айтып жатасыз. Салык төлөөчү катары, физикалык жактар да көрсөтүлүп турат. Сиз жок дегенде өзүңүз жазган Салык кодексин окуп койсоңуз болмок», – деди Бекешев.

Амангелдиев ишкерлер гана төлөшөөрүн айтса, Бекешев физикалык жактар да салык төлөөчүлөрдүн катарына кирээрин эскертти.

Ал эми ошол эле жыйында депутат Улукбек Садиков мыйзам долбоору дагы чийки экенин, шашылбай этап-этапка бөлүп өтсө болмок деген оюн айтты.

«Кыргызда бөрк ал десе, баш алгандар бар. Негизи этап-этапка бөлүп, жеңилирээк система менен өтсөңөр болмок. Бир жылда 80 млрд сомго бюджетти көтөрөбүз деп мактанып алдыңыздар. Элге эле кыйын болот. Бул мыйзамдын чийки жерлери бар, бүгүн эле өткөрө коюш туура эмес деп ойлойм», – деди Садиков.

Мындан тышкары, бизнес жеке нормаларды толук түшүнбөй, өз сунуштарын бере албагандыктан, келечекте кодекс боюнча толук иштей албайт деген кооптонуулар бар. Ал эми айтылган сунуштар негизинен четке кагылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media