КРнын калкынын саны 2030-жылы 7 млн чамасында болот – өсүү жайлайт

КРнын калкынын саны 2030-жылы 7 млн чамасында болот – өсүү жайлайт

Worldpopulationreview.com порталынын маалыматына ылайык, учурда КРнын калкынын саны – 6.687.445 адамды түзөт жана бүгүнкү күндө жылына 1% темп менен туруктуу өсүүдө.

Өсүү темпи акыркы жылдарда көп деле өзгөргөн эмес, бирок порталда берилген маалыматка ылайык, жакынкы жылдарда ал бир аз басаңдашы күтүлөт. Кыргызстанда калктын санынын жылдык өсүү темпи 2020-жылы 1.45%га чыгып, туу чокуга жеткен болсо, берилген маалыматта бул акырындык менен төмөндөйт деген божомол айтылат.

2050-жылы калктын саны жылына болжол менен 0.6%га өсөт деп күтүлүүдө. Бул эсептөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкы 2030-жылы – 6 997 284, 2040-жылы – 7 596 178 жана 2050-жылга чейин – 8 112 653 адамды түзөт.

Эгемендүүлүктү алгандан 2019-жылга чейин жылдык өсүү темпи ырааттуу түрдө жылына 1%дан ашып отурган, бул дүйнөлүк өсүү тенденцияларына бир топ жакын. Бирок өлкөдө орточо эсеп менен кыргыз аялы 3 балалуу болоорун жана бул орточо көрсөткүчтөн жогору экендигин эске алганда, өсүү салыштырмалуу төмөн болуп эсептелет. Эмнеге дегенде, бул КРдан чет мамлекетке кеткен мигранттардын эсеби менен түшүндүрүлөт. Порталда Кыргызстандан бир саатта – бир жаран өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалат.

  • Кыргызстандын калкынын саны (10.02.2022) – 6 687 445 адам
  • Күнүгө төрөлгөн ымыркайлардын саны – 405
  • Күнүгө каза болгон жарандардын саны – 107
  • Күнүгө миграцияга кеткен жарандардын саны – 24.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media