Энергетикалык суусундуктарга акциз. Эмнеге ал алардын кымбатташына жана контрабанданын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн?

Энергетикалык суусундуктарга акциз. Эмнеге ал алардын кымбатташына жана контрабанданын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн?

Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жана суроолорду жаратты. ККМди ишке киргизүүгө абдан катуу каршылыктар болду. Бирок ККМдин айланасындагы ызы-чуудан Кодекстин дагы бир талаштуу пункту – энергетикалык суусундуктарга акциздик салыкты киргизүү байкалбай калды.

Эксперттер Кыргызстанда тоник (сергитүүчү) алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын киргизилиши алардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө гана алып келбестен, көмүскөдөгү импорттун өнүгүшүнө шарт түзөрүн айтышууда.

«Биздин коңшу өлкөлөрдө тоник суусундуктарына акциз салыгы жок. Ошого жараша, Өзбекстандан түштүккө, Казакстандан түндүккө ташылат. Албетте, Министрлер кабинети мыйзамсыз импорт менен күрөшөбүз деп жатат. Бирок, ушул убакка чейин биз товарларды мыйзамсыз ташып келүү менен күрөшүү боюнча реалдуу кадамдарды көргөн жокпуз.

Өкмөттүн бул багыттагы бардык аракеттери кырдаалды ого бетер начарлатууда. Абийирдүү ишкерден барган сайын көп документ талап кылынат, тоскоолдуктар көбөйөт, ал эми мыйзамсыз ташыгандар тынч гана ишин кыла беришет», – дейт КРдагы жеткирүүчүлөр Ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева.

Анын айтымында, салыктык кирешелердин түшүүсү күтүлүүдө, бирок күтүлгөн чоң көлөмдө эмес.

Салык кодексиндеги жаңы нормалар

Тоник суусундуктарына жаңы салык киргизүү маселеси былтыртан бери эле көтөрүлүп келет. Бирок финансылык-экономикалык эсептөөлөр жана рынокко акциздик салыктын таасиринин деңгээли изилдене элек.

Жаңы акциз салыгы Салык кодексине киргизилди. Бирок коомдук талкуу процесси эми башталат. Биз мындай суусундуктардын зыяны жана пайдасы тууралуу маселени эмес, азыр техникалык жагын гана карап жатабыз. Бүгүнкү күндө тоник ичимдиктери деп кандай суусундуктарды айтабыз, тактай турган түшүнүксүз жагдайлар бар. ЕАЭБдин мамлекеттер аралык стандарттары иштелип чыга элек. Мындан тышкары, учурда бул өлкөлөрдүн биринде дагы товарлардын бул түрүнө акциздик салык жок», – дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин укуктук камсыздоо секторунун башчысы Жанабиль Давлетбаев.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, жаңы акциздик салыктын ставкасы акырындык менен жогорулайт.

2022-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин ставка нөлгө барабар болот. Жылдын экинчи жарымынан тартып, бир литрге 10 сомдон төлөш керек болот. 2023-жылдын 1-январынан тарта тариф 20 сомго чейин көтөрүлөт. Ал эми 2024-жылы жана андан кийин литрине 30 сомдон акциз салыгы салынат.

Так талаптар жана стандарттар жок

Ушул убакка чейин тоник энергетикалык суусундуктарын аныктоодо түшүнүксүз жагдайлар бар.

«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» КРнын Мыйзамы жана Бажы бирлигинин ТР TС 021.2011 «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентинде сергитүүчү таасири жетиштүү көлөмдө болгон суусундуктар айтылган.

Санын ким жана кантип аныктайт?

Ичимдик сергитүүчү болуп эсептелүү үчүн «кофеин эмес компоненттердин жетишерлик деңгээлде» болбогонун аныктоо үчүн эч кандай так талаптар жок.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин мамлекеттер аралык стандарттары иштелип чыга элек. Эскирген ГОС актуалдуулуктун талаптарына жооп бербейт.

Мисалы, республиканын МАМСы кофеиндин курамына гана талаптарды жөнгө салат: Кофеин, мг/см³ 0,151-0,400.

Ал эми РФ менен Кыргызстанда кабыл алынган МАМСында энергетикалык суусундуктардын физикалык жана химиялык көрсөткүчтөрүнө ар кандай талаптар коюлган:

Ошентип, акциздик салыкты киргизүүнүн алдында улуттук мыйзамдарды ЕАЭБдин талаптарына жана нормаларына шайкеш келтирүү жана тиешелүү мамлекеттер аралык стандарттарды бекитүү зарыл.

Той кимдин эсебинен өтөт?

Шашылыш кабыл алынган чечим көптөгөн компаниялардын пландарын бузуп салды, анткени көптөгөн ишкерлер акциздик салыкты эсепке албастан келишим түзүп алышкан.

«Биз бул партияны чоң көлөмдө алып келебиз, бирок андан ары эмне кыларыбызды билбейбиз. Балким, токтотобуз, анткени пайдасыз. Балким, бул товар контрабандалык жол менен ташылат. Алардын баасы төмөн болот, биз алар менен атаандаша албайбыз», – дейт ишкерлердин бири.

Ишкердин эсебинде, тариф 30 сомго жеткенде, салыктын башка түрлөрүн эсепке албаганда, 19 тонна ичимдик (бир жүк ташуучу унаадагы жүк) үчүн эле 7 миң доллардан акциз төлөшү керек болот.

Натыйжада, салык төлөө түйшүгү керектөөчүлөрдүн өздөрүнүн мойнуна жүктөлөт.

Коомдо, сыягы, тоник суусундуктардын зыяндуулугу жөнүндө стереотип дагы деле күчтүү. КРнын Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков алардын акциздик салыкты киргизүүнү колдошунун бирден-бир себеби – бул суусундук жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Алардын оюнча, баанын көтөрүлүшү керектөөнү азайтат.

Эгерде ден соолук жагынан караганда чындап эле зыян. Бирок кофе, чай, туз, шекерди чексиз өлчөмдө колдонгондо зыяны кандай болсо, ал деле ошондой эле. Анын суткалык нормасы эки банкадан ашпаш керек.

Алкоголсуз тоник суусундуктарга болгон мамилеге карабастан, аларга суроо-талаптын бар экени анык. Адамдар ичет, бул ар бир адамдын тандоосу жана өзүнчө сүйлөшө турган башка тема.

Кеп башкада. Эл аз ичсин деп бааны жасалма түрдө көтөрүүгө аракет кылып, же иче берсе, бюджетке көбүрөөк пайда алып келет деп отуруп, бүгүнкү күндө казынага тынымсыз туруктуу түшүп жаткан салыктан кол жууп калбайбызбы?

Бул менен Jaguar алкоголдук ичимдиги менен болгон окуяны кайталап албайбызбы? Анда акциздик салыкты 70 сомдон 200 сом/л чейин көтөрүп алып, айына 70 000 миң банкадан сатылган продукция 7 000 банкага чейин кескин кыскарган. Бул акырында мамлекеттин казынасына салыктын түшпөй калышына алып келген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакировдун айтымында, «адатта салыктын ставкасы көтөрүлгөндө компаниялар көмүскөгө кетип, же ишин токтотуп коюшат».

«Импортерлорго келсек, алар да контрабанданы башташы мүмкүн. Же сырттан келгендер токтоп, алардын ордуна келгендер пайда болот», – дейт экс-министрдин орун басары.

Тоник ичимдиктерин ичкендер анын кымбаттагандыгынан баш тартышы күмөн. Ал эми суроо-талап болсо, бул талапты мыйзамсыз деле канааттандыра тургандар болот.

Ал эми жаңы Салык кодексинин концепциясы салык системасын жөнөкөйлөштүрүүгө, көмүскө экономиканы кыскартууга жана салык жүгүн жеңилдетүүгө тийиш экени эсибизде.

Мындан тышкары окуңуз

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.