Украинадагы согуштан Борбор Азиянын экономикасынын алдыңкы 6 сектору жабыркайт

Украинадагы согуштан Борбор Азиянын экономикасынын алдыңкы 6 сектору жабыркайт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы Украинадагы согуштан жана Россияга киргизилген эл аралык санкциялардан олуттуу зыян тартышы ыктымал. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) акыркы макроэкономикалык отчетунда айтылат.

ЕРӨБдүн экономисттери бул чөлкөмгө алты канал аркылуу терс таасири болорун белгилешүүдө.

№1 Акча которуулар

Которулган акча каражаттары Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн негизги кирешенин жана валюталык кирешенин булагы болуп саналат (Кыргызстанда ИДПнын 31%, Тажикстанда 27% жана Өзбекстанда 11%). 2021-жылдын I-III кварталында Тажикстан менен Өзбекстанга түшкөн жалпы кирешенин 50%дан ашыгы жана Кыргызстанга түшкөн жалпы кирешенин 80%дан ашыгы Россиядан келген.

№2 Инвестициялар, жаңы жумуш орундары

Белгисиздик инвестицияга жана жумуш орундарын түзүүгө таасирин тийгизет. Инвестицияларга таасир этүүчү чоң белгисиздиктен улам ички рынокто жаңы жумуш орундарын түзүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Казакстан менен Кыргызстан соңку саясий толкундоолордон дагы эле өзүнө келе электигин эске алганда, эмгек рыногуна жасалган басым алардын саясий туруктуулугун улантууга таасирин тийгизиши мүмкүн.

№3 Эмгек рыногу

Кайтып келген мигранттар эмгек рыногуна чоң жүк болот, басым жасайт. Эгер Россияда узакка созулган кризис башталса, эмгек мигранттары Борбор Азиянын өлкөлөрүнө кайтып келип, айлык акыга басым жасап, эмгек рыногунун квалификациясы төмөн сегментинде атаандаштыкты күчөтөт. Мындай басым Өзбекстан менен Тажикстанда өзгөчө курч болушу мүмкүн, анткени алардын эмгек мигранттары Россиянын курулуш тармагында (орус тилдүү кыргыз мигранттары негизинен Россиянын тейлөө тармагында иштешет).

Башка жагынан алганда, орус, беларусь жана украин мигранттарынын Борбор Азияга агылып келиши региондун билимди көп талап кылган тармактарына күчтүү түрткү бериши мүмкүн, анткени бул мигранттардын көбү ишкерлер, иштеп чыгуучулар жана санариптик көчмөндөр болуп саналат.

№4 Энергетикалык ресурстарга баалардын өсүшү

Энергетикалык ресурстарга баанын өсүшү энергияны таза импорттоочуларга – Кыргызстан менен Тажикстанга терс таасирин тийгизет. Ал эми Казакстан, Монголия, Түркмөнстан жана Өзбекстан чоң пайда көрүшөт.

№5 Алтындын баасынын өсүшү

Алтынга, кара жана түстүү металлдарга баанын өсүшү Борбордук Азиянын экономикасы үчүн компенсациялоочу негизги фактор болуп калат.

№6 Ташуу, жеткирүү чынжырчасы

Жеткирүү чынжырчасынын үзгүлтүккө учурашы Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизет, бирок Казакстан жана Монголия сыяктуу Россия аркылуу транзиттик соодада эң чоң үлүшү бар өлкөлөрдө өзгөчө оор болот.

Кытай чек арасындагы Covid-19 чектөөлөрүнүн улантылышы оорлотуучу фактор болуп калат. Түркия батыш, түштүк кореялык жана жапон компанияларын тейлеген ири аймактык бөлүштүрүүчү борборго айланат, бул кошумча транспорттук жана логистикалык чыгымдарга алып келет. Борбор Азиянын импортундагы Россиянын үлүшү кыйла олуттуу, Казакстан үчүн 42% болсо, Түркмөнстанда 21%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги катуу шамалдан 37 бак кулаган

Бишкектеги катуу шамалдан 37 бак кулаган

10-июнда Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаар боюнча 37 бак кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, катуу шамалдын айынан бир көп кабаттуу үйдүн жана бир турак жайдын чатыры жабыркаган. Бузулган чатырлардын жалпы аянты 20 чарчы метрди түзгөн.  Мындан тышкары, бир кампанын чатырынын 4 чарчы

Утилдештирилген жыйымдан түшкөн каражат 132 млн сомду түздү

Утилдештирилген жыйымдан түшкөн каражат 132 млн сомду түздү

2026-жылдын январь–май айларында утилдештирилген жыйымдан түшкөн каражаттын көлөмү 132,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, аталган мезгилде жыйым төлөөчүлөрдүн саны да кыйла көбөйгөн. Тактап айтканда, алардын саны 50дөн 259

Кыргыз-швейцар өнөктөштүгүнүн жаңы багыттары талкууланды

Кыргыз-швейцар өнөктөштүгүнүн жаңы багыттары талкууланды

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар суу ресурстарын башкаруу, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы

БАЭден Бишкек жана Ошко  авиакаттамдар кайра ачылат

БАЭден Бишкек жана Ошко авиакаттамдар кайра ачылат

Бириккен Араб Эмираттарынын "Air Arabia" авиакомпаниясы Бишкек жана Ош шаарларына үзгүлтүксүз авиакаттамдарды кайрадан аткара баштайт. Бул боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын жумушчу жолугушуусунда макулдашылды. Маалыматка ылайык, Шаржа — Ош — Шаржа багыты боюнча каттамдар 22-июндан тартып жанданат. Ал эми