«Кумтөр» менин демилгем болчу, бирок ыраазычылыктын ордуна сынга кабылып келем – Аскар Акаев

«Кумтөр» менин демилгем болчу, бирок ыраазычылыктын ордуна сынга кабылып келем – Аскар Акаев

Экс-президент Аскар Акаев казакстандык Tengrinews.kz басылмасына 2005-жылы Кыргызстанга пайда алып келе баштаган “Кумтөрдүн” демилгечиси болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, элдин ыраазычылыгынын ордуна, нааразычылыкка гана кабылган.

Анын айтымында, ага коюлган негизги дооматтар “Кумтөр” боюнча болгон, бирок алардын баары «ойдон чыгарылган» дооматтар.

“Кумтөрдүн” демилгечиси мен болчумун. Алтын, адатта, экономикалык өсүшкө кызмат кылбайт. Алтын резерви финансылык системанын жана валютанын туруктуулугун сактоо үчүн талап кылынат. 1993-жылы биринчи болуп өзүбүздүн валютабызды киргиздик, бирок аны кантип колдомок элек? Кыргызстанда коңшулардай нефть, газ жок. Улуттук валютаны колдоо үчүн алтын запасыбыз болушу керек болчу.

Алтындын, мунайдын, газдын баасы ар дайым цикл менен өзгөрүп турат. 1990-жылдары мунай менен алтындын баасы төмөн болгон. Ал эми 2000-жылдардын башынан бери жогорулай баштаган. Эми мунай менен алтындын баасы ушул он жылдыктын аягына чейин жакшы болот, анан кайра төмөндөй баштайт. Бул ушундай цикл. Мен президент болуп турганда алтындын баасы өтө төмөн болчу. Мен бир мисал келтирейин.

1990-жылдары, он жыл ичинде эл аралык биржаларда алтындын орточо баасы бир унция үчүн 350 доллардын тегерегинде болсо, бул бийик тоолуу Кумтөрдө оор шарттарда алтын казып алуу 300 долларды түзгөн.

Сатуунун баасы болжол менен бирдей болгондуктан, бир дагы инвестор макул болгон жок. Бирок мен Канаданын өкмөтүнөн колдоо таптым… Биз канадалык компанияны таптык, ал чындыгында чыгымдар менен иштеп жатты. Бирок бардык алтын өндүрүүчү компаниялар бул циклдер жөнүндө жана ал жерде чоң потенциал, чоң алтындын кору бар экенин билишет.

Мен президент болуп турганда канадалык компания үчүн да, Кыргызстан үчүн да алтындан чоң дивиденддер болгон эмес. Ал эми мунайдын баасы 2000-жылдардын башында көтөрүлүп, 2005-жылдан бери алтындын баасы кескин өскөн. Бүгүнкү күндө 1 унциясы 2 миң доллардын тегерегинде, башкача айтканда, алар чоң пайда алып жатышат.

2005-жылдан тартып алтын Кыргызстанга, экономикага кызмат кыла баштады, мен президент болгондон кийин пайда келе баштады… Бирок ушунча жылдан бери рахмат айткандын ордуна мени сындап келишет” – дейт Акаев.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media