Пайдасынан зыяны көп — Бийликтин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо аракети жергиликтүү бизнестин кызыкчылыгын тебелейт

Пайдасынан зыяны көп — Бийликтин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо аракети жергиликтүү бизнестин кызыкчылыгын тебелейт

Үстүбүздөгү жылдын август айында Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайларына өздөрүнүн ассортиментине 50% ата мекендик суусундуктарды киргизүү тууралуу демилгени көтөргөн. Бул тууралуу минкаб маалымдаган болчу.

Economist.kg сайтынын редакциясы эксперттер менен баарлашып, долбоордун канчалык мыйзамдуу экенин жана ал ата мекендик өндүрүшчүлөргө канчалык жардам бере алар-албасын иликтеди.

Долбоордун маңызы — жергиликтүү өндүрүшчүлөргө коомдук тамактануу жайлары аркылуу өз продукцияларын таанытууга жардам берүү болуп саналат. Токтомдо долбоор Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерине каршы келбей турганы белгиленген.

Мына ушул жерден карама-каршылыктар башталат. Экономист Азамат Акенеевдин айтымында, аталган токтом жергиликтүү товарлардын импорттук товарлар менен атаандашуусунда ​​ артыкчылык берет. Бирок атаандаштык боюнча мыйзамга ылайык, мамлекеттин рыноктогу эркин атаандаштыкка кийлигишүүгө укугу жок. Мындан улам Кыргызстан ДСУ менен ЕАЭБдин эл аралык эркин соода келишимдериндеги милдеттенмелерин бузуп жатат деген жыйынтык чыгарууга болот.

Эгерде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бири «Кыргызстандын аракети башка мамлекетке зыян келтирди» деп эсептесе, андан кийин компенсация төлөп берүү талаптары коюлушу мүмкүн.

Кыргызстан мындай жарлыкты ишке ашырууга аракет кылып жаткан биринчи өлкө эмес.

«Башка мамлекеттер ички рынокко ата мекендик товарларга ушундай эле преференцияларды киргизип, бирок алардын баары мыйзамсыз деп табылып, кийин жокко чыгарылган учурлар болгон», — дейт Акенеев.

«Пайдасынан зыяны көп жардам»

Бул мыйзам долбоорунан эң көп чыгымды тамактануучу жайлар жана керектөөчүлөр тартышат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстанда 6876 кафе-ресторан катталган. Бирок бул так сан эмес, анткени аймактардагы чакан коомдук тамактануу жайлары көбүнчө каттоосуз иштешет.

Булак: Улуттук статистикалык комитет

Акенеевдин айтымында, бардык тамактануучу жайлар бул жарлыкка ылайык иштешет.

«Бул суроо-талапка ээ болбосо дагы, товарлардын эсебин такай жүргүзүү, суусундуктардын кошумча көлөмүн сатып алуу зарылчылыгы түрүндөгү башка чыгымдарды, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кошумча текшерүүлөрдү жаратат. Он миңдеген жарандарыбыз иштеген бир нече миң ата мекендик ишкердик субъекттер жабыркайт», — деди эксперт.

Ошондой эле ал токтомдогу талаптар так ачыкталбай калганын, бул өз кезегинде ар кандай чечмелениши мүмкүн экендигин айтат.

«Кыргызстанда чыгарылган чет элдик бренд улуттук суусундук болуп саналабы? 50% кантип эсептелинет: ассортиментте болгон ичимдиктерденби же кафедеги болгон бардык ичимдиктенби ж.б.у.с? Ушундай такталбаган нерселердин баары көзөмөлдөгөндөрдүн кыянаттык менен пайдалануусуна мүмкүнчүлүктөрдү жаратат».

«Майрам групп» ресторандар тармагынын тең негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Айбек Кыштобаев да 50% кантип эсептелээрине кызыгууда.

«Мунун баары таң калтырчу нерсе. Биринчиден, бул мыйзам долбоору эмне үчүн керек эле? Экинчиден, эмнеге мындай пайызды (50%) коюшту? Кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелген? Эмне үчүн, мисалы, 60%, 40% эмес? Эмне үчүн жөн гана суроо-талапка көңүл бурууга болбойт? Ар бир категорияда ата мекендик өндүрүүчү болушу керек деп эле айтышса болмок. Биз ансыз деле аларды коюп жатабыз, сунуштайбыз», — дейт Кыштобаев.

Ата мекендик суусундуктар — импорттолгон суусундук менен татыктуу атаандаша алабы?

Бул суроого жооп берүү үчүн биздин суусундуктар импорттолгондор сыяктуу эл аралык сапатка шайкеш келген гаранттан өтөбү дегенди түшүнүш керек.

Азамат Акенеевдин айтымында, учурда Кыргызстанда ЕАЭБдин техникалык регламенттери, анын ичинде ичимдиктерге карата да иштеп жатат. Бул ченемдерди сактоо продукциянын сапатын көзөмөлдөөгө олуттуу инвестицияны талап кылат, бул чакан өндүрүүчүлөр үчүн кыйын.

«Товарлардын сырткы көрүнүшүнөн эле кээде алар бардык стандарттарга жооп бербестен, жөнөкөй шартта эле өндүрүлүп жатканы көрүнүп турат», — дейт өз байкоолору менен бөлүшкөн экономист.

Жергиликтүү өндүрүүчүлөр биздин рынокко керектелүүчү товардын жана өндүрүштүн көлөмүн толук камсыздай алабы деген дагы бир суроо туулат. Азамат Акенеев Кыргызстанда чектелген санда өндүрүлгөн же такыр чыкпаган ичимдиктер бар экенин айтат. Натыйжада, тамак-аш тейлөө мекемелеринде коюлган талаптарды канааттандырууда жана керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Натыйжада, товарлардын баасы көтөрүлүп, керектөөчүлөр да, коомдук тамактануучу жайлар да жабыркайт.

«Кылышыңар керек!»

Соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жусумалиев Economist.kg сайтына курган маегинде долбоор убактылуу токтотулганын билдирди.

«Бул жөн гана демилге. Долбоор ишке кире элек», — деди ал.

Бирок ишкерлер дагы эле долбоор эртеби-кечпи ишке кирет деген чочулоо менен турушат.

«Мамлекеттин ресторан бизнесине карата саясаты катуу баш аламандыктарды жаратат. Ал: «Сен кылышың керек! Сен муну кылышың керек!» деп милдеттендире берет. Бирок пандемиядан кийин ресторан бизнеси эң көп жабыр тартканы эч кимдин эсинде жок. Андан кийин бизге эч кандай жардам берилген жок, эч кандай жеңилдиктерди алган жокпуз», — деди Кыштобаев.

Ишкердин айтымында, өнүккөн өлкөлөр бизнесмендерди колдоо саясатын карманышат. Мамилелер компромисс жолу аркылуу түзүлөт: мамлекеттик кызматкерлер коомдук пикир менен эсептешип, бизнес өкүлдөрү менен жолугушат; кандай кылса жакшы болоорун сурап, жардам беришет.

«Бизде мамлекетте бир аз башкача саясат бар. Бир аз эмес, а КӨП. Ал: «Сен муну кылышың керек!» деп эле талап кое берет. Эң өкүнүчтүүсү, мындай жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатканда бизнестен муну жасоо керекпи же жокпу деп эч ким сурабайт», — деп сөзүн жыйынтыктады Кыштобаев.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде курула турган мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес. Ош шаардык мэриясынын малыматына ылайык, учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда. Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда

"Номериңиз бөгөттөлөт": шылуундар жаңы ыкманы колдонууда

"Номериңиз бөгөттөлөт": шылуундар жаңы ыкманы колдонууда

Талас облустук ички иштер башкармалыгы жарандарга кибер алдамчылыктын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, алдамчылар өздөрүн байланыш операторунун кызматкерлери катары тааныштырып, телефон номериңизде көйгөй жаралганын айтып чалышат. Алар “SIM-картаңыздын мөөнөтү бүтөт”, “номериңиз бөгөттөлөт” же “SIM-картаны алмаштыруу керек” деген шылтоолорду колдонушат. Андан кийин алдамчылар SIM-картаны жаңыртуу же бөгөттөн

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун алкагында Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Маматканов мамлекеттин өнүгүүсү билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрларга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул