Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес.

Ош шаардык мэриясынын малыматына ылайык, учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда таза суу системасы жок болгондуктан, көпчүлүк үйлөрдө ички суу түтүктөрү орнотулган эмес. Буга байланыштуу “Ошшаарсууканал”муниципалдык ишканасы жергиликтүү тургундарды үйлөрүнүн ички суу түтүктөрүн жана крандарын орнотуп, суу түйүнүнө туташтырууну өтүнөт.

Эске салсак, өткөн жумада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугушуп, элди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө таза суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат

Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү

Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды

Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду