Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат

Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат

28-ноябрда Улуттук банк эсептик ченди 14%дан 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул чечимдин негизги аспектиси болуп ички инфляциялык басымдын акырындык менен төмөндөшү саналат. Бирок дүйнөлүк конъюнктура белгисиз болууда, азык-түлүккө, энергетика жана башка товарларга дүйнөлүк баалар акырындык менен төмөндөгөнүнө карабастан баары бир жогору бойдон калууда.

Улуттук банк эмне үчүн сарамжалдуу акча-кредит саясатын карманат жана ал өлкөдөгү бааны турукташтырууга кандай жардам берерин Economist.kg басылмасына Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Керимкулова түшүндүрдү.

Туруктуулук үчүн ага ылайык саясат керек

Экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири – макроэкономикалык туруктуулук болуп саналат. Жогорку инфляция жана алмашуу курсунун туруксуздугу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылбайт, бул жөнгө салуучу банктын атайын саясатын, көңүлүн буруусун талап кылат.

Бул жерде Кыргызстандын экономикасынын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунан өтө эле көз карандылыгын эске алуу зарыл. Ал эми тыштан коюлган баа макроэкономикалык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келет, бул акча-кредит саясатын жүргүзүү шарттарына таасирин тийгизет.

«Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгүдөй эле геосаясий белгисиздиктин жана дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн шартында улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо жана инфляциялык басымды азайтуу максатында Улуттук банк белгилүү бир мезгилге чейин акча-кредит саясатын катаалдаштыруу курсун карманып, негизги ченди этап-этап менен көтөрүп келди», – деп түшүндүрдү Керимкулова.

28-ноябрда эсептик ченди төмөндөтүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышынын себеби, инфляцияга каршы тобокелдиктердин басаңдашы болгон, атап айтканда, буга чейин акча-кредит саясатынын инфляцияны ооздуктоо боюнча көрүлгөн чаралары менен шартталган.

Улуттук валютадагы депозиттер экономиканы насыялоого жардам берет

Акча-кредит саясатынын чечимдерин кабыл алуудагы дагы бир маанилүү фактор болуп, башка чет өлкөлүк валюталардагы аманаттарга салыштырмалуу сомдук депозиттердин жагымдуулугу саналат. Бул банк секторунун узак мөөнөттүү ресурстарын сактоого таасирин тийгизет жана алар өз кезегинде экономиканы насыялоо үчүн зарыл.

Улуттук банк жыл ичинде инфляцияны орточо деңгээлде кармап турууга, улуттук валютага басымды басаңдатууга жана банк секторунун ресурстук базасын көбөйтүү үчүн да, кредиттөөнүн өсүшү үчүн да жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген чараларды көрдү.

Регулятордун аракеттери өз натыйжасын берди. Улуттук банктын өкүлү берген статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын тогуз айында берилген кредиттердин көлөмү 21%га өскөн. Ал эми депозиттер 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га көп кабыл алынган. Эгерде 2021-жылдын август айында банктык кредити бар жеке жана юридикалык жактардын саны 461.5 миң болсо, 2022-жылдын августунда 539.7 миң болгон.

Кыргызстанда алтын көбөйө баштады

Каримкулова белгилегендей, акча-кредит саясаты жаатындагы тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруунун кошумча фактору болуп, Улуттук банктын ички рынокто алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан операциялары саналат.

КРнын алтынына Good Delivery статусу убактылуу токтотулгандыгын эске алуу менен, Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтындын негизги сатып алуучусу болгон. 2022-жылдын ноябрынын ортосуна карата бул жылы сатылып алынган алтындын көлөмү 22 тоннадан ашык өлчөмдү түздү. Алтынды сатып алуунун мындай көлөмү акча сунушунун олуттуу өсүшүнө алып келди.

Алсак, 2022-жылдын январь айынын акырына карата акча базасынын көлөмү 149.4 млрд сом деңгээлинде болсо, октябрдын аягында акча базасы 44.6%га өсүп, 216 млрд сомдон ашык сумманы түздү.

«Мындай шарттарда КРнын Улуттук банкы улуттук валютанын жагымдуулугун сактоо жана инфляциялык басымды минималдаштыруу максатында акча-кредит саясатынын тиешелүү шарттарын аныктоого аргасыз. Болбосо, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо активдүүрөөк интервенцияларды талап кылмак жана Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмүн олуттуу кыскартмак», – дей өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банктын өз убагында көргөн чараларынын аркасында экономика инфляциянын салыштырмалуу орточо деңгээлинде өсүүдө. Бул үчүн КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн эсептик ченин салыштырууга болот.


Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Кыргызстан экспортко багытталган үрөнчүлүктү өнүктүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев “Кыргыз Агрохолдинг” ААКсына караштуу “Элита” асыл тукум чарбасында болуп, агрардык долбоорлор жана “KVS” үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө үрөнчүлүк багыты, атайын техникалар, жер тилкелери жана экспортко багытталган жашылча

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күндүк артка санак башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санактын башталышын салтанаттуу түрдө жарыялады. Ал өз сөзүндө быйылкы көчмөндөр оюндары 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө башталарын белгиледи. Улан Маматканов Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен ата-бабалардан калган улуттук спорттук оюндарды жандандырып, көчмөн элдердин маданиятын дүйнөгө таанытып

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Бишкекте медициналык шаарча курууда Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген кыргыз делегациясы Франциянын Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз тарапка жалпы аянты 130 миң чарчы метрге жакын көп тармактуу медициналык комплекс көрсөтүлдү. Анда 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационар жана 500 орундуу күндүзгү стационар каралган. Медициналык

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды

Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, спорт объектисинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,4 миллион сом бөлүнгөн. Ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы спорт зал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым