Акча алмаштыруу бюролору Кыргызстанда кандай тартипте иштейт жана аларды ким көзөмөлдөйт — Улуттук банк жооп берет
Алмашуу бюросу деген эмне, Кыргыз Республикасында канча алмашуу бюросу катталган? Алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүнө көзөмөл кандайча жүргүзүлөт? Ушул сыяктуу суроолорго Улуттук банк жооп берди.
Алмашуу бюросу – бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайы жабдылган пункт.
Улуттук банк Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турат
Алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүк тышкы (аралыктан) көзөмөлдүктүн жана көчмө текшерүүлөрдү (инспектирлөөнү) жүргүзүүнүн алкагында жүзөгө ашырылат.
Тышкы аралыктан көзөмөл
2022-жылдын 7-декабрына карата КРда 406 алмашуу бюросу өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Тышкы (аралыктан) көзөмөл 2016-жылдын 1-июлунан тартып «Алмашуу бюролорунан маалыматтарды чогултуу» автоматташтырылган системасы (Портал) өндүрүштүк эксплуатацияга берилген.
Портал – бул алмашуу бюролорунан маалыматтарды онлайн режиминде чогултууга багытталган автоматташтырылган система.
Башкача айтканда бул учурдан тартып күндөлүк отчеттор Улуттук банкка Портал аркылуу түздөн-түз тапшырылат, ошентип алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүнө көзөмөл, алмашуу бюролор КРнын Улуттук банкынын Порталы аркылуу тапшырышкан күндөлүк отчетторун текшерүү аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
Алмашуу бюролору сатылып алынган / сатылган накталай чет элдик валютанын көлөмдөрү жана курстары боюнча отчетторду күнүнө 2 жолу тапшырышат: саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин жана саат 13.00дөн тартып 15.00гө чейин. Портал ошондой эле алмашуу бюролоруна маалыматтарды жеткирүүчү каражат дагы болуп эсептелет, анткени Улуттук банк Портал аркылуу дайыма маанилүү жаңылыктарды жөнөтүп турат.
Инспектирлөө
Алмашуу бюросун инспекциялоо иш-аракеттерди иликтөө үчүн алмашуу бюросунун жайгашкан жери боюнча чыгып кетүүнү түшүндүрөт. Улуттук банк тарабынан алмашуу бюролоруна КРнын мыйзам актыларынын талаптарынын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптардын сакталышына, ошондой эле лицензиясыз иш фактыларынын аныкталышына карата текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери 121 алмашуу бюросуна инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн.
Алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгү 2022-жылы кандай көзөмөлдөндү?
Текшерүүлөрдүн натыйжасында, ошондой эле тышкы көзөмөлдүн алкагында КРын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 263 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган.
Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265.0 миң сом) айып пул салынган. Эгерде жазма буйруктар жана башка талаптар аткарылбаса, Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин белгилей кетүү зарыл.
Улуттук банктан лицензия албаган жактардан чет өлкө валютасын алмаштыруу эмнеси менен кооптуу?
“КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга ылайык, накталай чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу боюнча иш лицензиялануучу иш болуп саналат. Кызмат көрсөтүүнүн мындай түрүн Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жактар гана көрсөтө алышат, атап айтканда, коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору.
Улуттук банктын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясыз ишти жүзөгө ашыруу мыйзамсыз болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок жактарда чет өлкө валюталарын алмаштырган учурда, бул лицензиясыз ишти жүзөгө ашырууга жана көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
2022-жылдын башынан бери Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштырган жактарга 55 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 40 жеке адамга 17.5 миң сомдон айып пул салынган (жалпы суммасы 700.0 миң сомду түзөт).
Лицензиясыз иш жүргүзгөн адамдар алмашуу бюролору катары “маскаланып” калышарын белгилей кетүү керек. Көп учурда, лицензиясыз иш алып баргандар өздөрүн Улуттук банктын лицензиясы менен иш алып барган алмашуу бюросу катары көрсөтүшөт. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, лицензиянын негизинде ишкердикти жүргүзгөн алмашуу бюролору өз ишин жүзөгө ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар алмашуу бюролордун ишин жөнгө салган укуктук ченемдик актылардын талаптарын сактоого тийиш.
Өз кезегинде, лицензиясыз иш алып барган жактар бул талаптарды сакташпайт, бул мындай жактардан алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандардын алданууга туш болуусун шарттайт. Ошондой эле, мындай алмашуу пунктуларында нак чет өлкө валютасын алмаштырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылган талаптарды аткаруу эмес, валютаны алмаштыруу фактысын тастыктаган чек же башка касса документтери да берилбейт. Улуттук банк мындай пунктарды аныктоо боюнча ар дайым иш жүргүзүп келет, бул багытта лицензиясы жок иш алып барган алмашуу пунктарынын жайгашкан жерлерин аныктоо максатында мониторинг жүргүзүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
Андан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте бекитилген иш-чаралар планына ылайык регулярдуу рейддик текшерүүлөр жүргүзүлөт. Лицензиясы жок ишмердүүлүк аныкталган учурда укук бузуучулар КРнын мыйзамдарына ылайык айып салуу түрүндө жоопкерчиликке тартылышат.
Эгерде Сиз ушул сыяктуу пунктарды аныктасаңыз, Улуттук банкка 31-30-08 телефону аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот, Улуттук банк маалыматк сөзсүз каралат.
Валюталарды алмаштырууда кандай коопсуздук талаптарын сактоо зарыл?
Нак чет өлкө валютасын алмаштырууда кыйла сак болуу керек.
- Алмашуу бюролорунун жана банктардын валюталар курстарын салыштыруу зарыл, бул үчүн сиз ар түрдүү интернет ресурстарды колдонсоңуз болот, ошондой эле коммерциялык банктардын расмий сайттарынан таанышсаңыз болот. Сиз үчүн эң эле ылайыктуу курсту тандаңыз, ошол эле учурда, эгерде алмашуу бюросунда башка алмашуу бюролоруна салыштырмалуу курстар өтө эле “жагымдуу” болсо, мындай учурда алданып калуу тобокелдиги да жогору болушун унутпоо зарыл.
- Алмашуу бюросуна барганда анда Улуттук банктын лицензиясы бар экендигине көз жүгүртүү зарыл. Лицензия жана алмашуу бюросун каттоо жөнүндө каттын түп нускасы көрүнүктүү жерде илинип туруусу зарыл, бул документтер жок болсо, курстар канчалык “жагымдуу” болгондугуна карабастан, ал жерден алмашуу операциясын жүргүзүүнүн кереги жок. Адатта, тиешелүү лицензиясы жок жактар кардарларды тартуу үчүн атайылап “жагымдуу” курстарды белгилешет.
- Коопсуздук шарттарын сактоо үчүн каражаттарды байкоо камералары менен жабдылган алмашуу бюролорунда алмаштыруу сунушталат. Бул, талаш маселелер келип чыккан учурда, видео материалдардын жардамы менен далилдөөгө шарт түзөт.
- Валюталарды алмаштырууда нак акча каражаттарын саноо кардардын көз алдында жүргүзүлүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл. Берилүүчү нак валютанын аныктыгын билүү үчүн алмашуу бюросунун кызматкерлеринен анын аныктыгын детектордо текшерип берүүсүн талап кылуу керек. Акчаны алган соң кассадан кетпестен, аны бирден барактап эсептеп алуу шарт. Туура эмес эсептелгендиги аныкталган учурда берилген сумманы толугу менен кассирге кайрадан санап чыгууга берүү зарыл.
- Алмашуу операциясы жүргүзүлгөндүгү жөнүндө чекти да талап кылуу зарыл. Бул кардардын мыйзамдуу укугу болуп эсептелет. Алмашуу бюролорунда валютаны алмаштыруу нак формада жүргүзүлгөндүктөн, жеке коопсуздук жөнүндө унутпоо жана сак болуу керек.
Алданып калганда кайда кайрылуу керек?
Эгерде, Сиз алмашуу бюросу же лицензиясыз иш алып барган жактар тарабынан алдануунун курмандыгы болсоңуз, укук коргоо органдарына жана Улуттук банкка жазуу түрүндө кайрылуу зарыл.
Эгерде сизде валюта алмаштыруу фактысын тастыктаган документтер бар болсо, катка документтердин көчүрмөсүн тиркөө керек. Сиздин кайрылууңузду натыйжалуу кароо үчүн сиз окуянын бардык чоо-жайын сөзсүз түрдө алмашуу жайынын сүрөтүн/дарегин, окуя болгон убактысын жана датасын көрсөтүү менен сүрөттөп беришиңиз керек.