Кыргызстандын экономикасы 2022-жылдын аягына карата кандай көрсөткүчтөрдү берүүдө? — Улутстаткомдун талдоосу

Кыргызстандын экономикасы 2022-жылдын аягына карата кандай көрсөткүчтөрдү берүүдө? — Улутстаткомдун талдоосу

Улуттук статистикалык комитет өзүнүн бул жылга карата талдоосун жүргүзүп, алынган маалыматтардын негизинде Кыргызстандын экономикасына тиешелүү бир катар көрсөткүчтөрдү берди.

ИДП

Ички дүң продукт үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча 781 млрд сомдон ашты жана 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7%га көбөйдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында 726 млрд сомдон ашты жана 4.8%га көбөйдү.

Керектөө баалары

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 13.5%ды түздү.

Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 21.7%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 14.8%га, азык-түлүк эмес товарлар – 11.4%га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8.4%га жогорулады.

Өнөр жай

Улутстатком өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашканын билдирди.

Негизги металлдарды (30%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (29.3%), мунайзат азыктарын (14.4%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11.2%), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (5.9%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8.5%) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 14%га көбөйдү.

Курулуш

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 5.3%ды түздү, ал эми айыл чарбасында 6.4%ды, дүң жана чекене соодада 7.6%ды түздү.

Тышкы соода

КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 9.6 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 41.2%га көбөйдү.

Экспорттук жөнөтүүлөр 23.1%га азайган, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче, 1.7 эсеге өскөн.

КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 3.8 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 39.2%га көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1.9 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 22.9%га көбөйгөн.

2022-жылдын январь-октябрындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (72.3%) жана Казакстанга (25.5%) туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media