3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору

3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору

Кыргызстанда бул жылы ИДПнын өсүшү 3.5%дан 7%га чейин болот. Мындай божомолдорду алдыңкы эл аралык институттар айтышты. Economist.kg 2023-жылга карата республиканын экономикасы боюнча божомолдорду бир макалага топтоду.

Өлкөнүн экономикасынын өсүү болжолу, эреже катары, алгач узак жана орто мөөнөттүү мезгилге түзүлөт жана учурдагы кырдаалга жараша андан ары аныкталат.

Дүйнөлүк банк

Дүйнөлүк банк эгерде Кыргызстан Россиянын санкцияларынын таасирине ыңгайлашып кетсе, ИДП 2023-жылы 4%, 2024-жылы 4.5%га өсөт деп болжолдоду. Ошондой эле Улуттук банктын эсептик чени азыркы деңгээлде сакталса, анда 2024-жылдын акырына карата КРда инфляциянын деңгээли акырындык менен 7%га чейин төмөндөшү мүмкүн.

2023-2024-жылдары Кыргызстандын продукциясынын экспортунун калыбына келишине байланыштуу күндөлүк эсептин дефицитинин төмөндөшү болжолдонууда. Ал эми бюджеттин тартыштыгы ИДПнын үлүшүндө 3%га чейин төмөндөйт, бул негизинен тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелердин көбөйүшүнө жана чыгашаларды чектөөгө байланыштуу болот.

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)

ЕРӨБдүн оптимисттик божомолдоруна ылайык, Кыргызстандын экономикасы Кытай товарларын Россияга реэкспорттоо, өлкөгө акча которуу, ошондой эле россиялык компанияларды жана жеке адамдарды КРга көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөн пайда көрөт. Ошол эле банк учурда ИДПнын өсүшүн 2023-жылы 7% деңгээлинде болжолдоду.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ)

ЭВФ 2023-жылдын аягына чейин КРдагы инфляция болжол менен 10% га чейин басаңдайт деп күтүүдө, анткени Россиядагы өсүштүн жайыраак болушунан улам азык-түлүк жана энергияга болгон баалар төмөндөп, акча которуулар азаят.

Орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын 4%га өсүү темпи болжолдонууда. Фонд алтынды экспорттоону тез арада жандандыруу учурдагы эсептин тартыштыгын туруктуу деңгээлге түшүрүү үчүн абдан маанилүү деп эсептейт.

2023-жылдан тарта эмгек акынын жана пенсиянын жогорулашынын натыйжасында, өлкө тарабынан каржыланган инвестициялык чыгымдардын пландаштырылган кыскартууларына карабастан, тартыштык жогору бойдон кала берет. Ири инфраструктуралык инвестициялык муктаждыктардан улам экономикалык өсүү басаңдашы мүмкүн.

Ошол эле учурда, чектелген тышкы каржылоону эске алуу менен, бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн ички облигациялар рыногунда жылына ИДПнын 4%га жакынын жогорулатуу олуттуу кыйынчылык жана чыгашалуу болушу мүмкүн. Бийлик тышкы жеңилдетилген каржылоону активдүү издеши керек.

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ)

ЕАӨБдүн божомолдоруна ылайык, КРда экономикалык өсүү 3.5%га чейин болжолдонууда. Доллардын курсу 2023-жылы орто эсеп менен 83.3 сом деңгээлинде болору, керектөө бааларынын өсүшү 5.2% чегинде күтүлүүдө. Ошол эле учурда экономикалык маанай начарлап, өндүрүштүк жана логистикалык чынжырларды түзүү процесси токтоп калганда, Евразия чөлкөмүнүн ИДПсынын төмөндөөсү 3.3%га жетиши мүмкүн болгон терс сценарий да болушу мүмкүн.

Экспорттун төмөндөшү бул чөлкөмдүн мамлекеттеринин улуттук валюталарынын курсуна басым жасайт, бул белгисиздиктин өсүшүн эске алуу менен баалардын басымынын жогорулашына алып келет: жагымсыз сценарийде региондо 2023-жылдын аягына чейин инфляция 8.3% деңгээлинде болжолдонууда.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ)

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан боюнча болжолдуу маалыматын берген жок. Ошол эле учурда АӨБ Азия-Тынч океан аймагындагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн экономикалык өсүш глобалдык прогноздун начарлашынан улам 2023-жылы 4.9%дан 4.6%га чейин төмөндөй тургандыгын белгиледи.

“Бүткүл дүйнөдөгү жана аймактагы борбордук банктардын акча-кредит саясатынын катаалдашуусу, Россия менен Украинанын узакка созулган согушу жана Кытайдагы локдаундар, COVID-19 пандемиясынын таасири Азиянын экономикасын калыбына келишин жайлатууда”, – деп айтылат баяндамада.

АӨБ ошондой эле 2023-жылга карата инфляциянын болжолун 4%дан 4.2%га көтөрдү, анткени энергетика жана азык-түлүк тармагындагы инфляциялык басым уланууда. Бирок аталган институт Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн быйылкы экономикалык өсүү болжолун 3.9%дан 4.8%га көтөрүлөт деп белгиледи.

Экономика министрлиги

Белгилей кетсек, Экономика министрлигинин болжолдоосуна ылайык, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 4.4% деңгээлинде, 2023-жылга КРнын экономикасынын өсүшү 4.9% деңгээлинде, номиналдуу көлөмдө 927 млрд сомду түзөрүн айтат. ИДПнын өсүшүнө эң чоң салымды тейлөө тармактары – 2.08%, өнөр жай – 1.43%, курулуш – 0.41%, айыл чарбасы – 0.32%ды камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media