Россиянын Кыргызстандын продукциясын алып кирүүгө тыюу салуусу — негиздүү дооматбы же саясий басымбы?

Россиянын Кыргызстандын продукциясын алып кирүүгө тыюу салуусу — негиздүү дооматбы же саясий басымбы?

Жыл башынан бери Россельхознадзордун Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга доомат койгон учурлары көбөйдү. Ал тургай Россия кээде КРнын товарларына тыюу салып, кийинчерээк бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн олуттуу көйгөйлөргө айланды.

Биз жогоруда айтылган тыюу салуулар саясий соода инструментиби же чындап эле негиздүү себептери барбы деген суроого жооп берүүгө аракет кылдык.

Балык

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Россельхознадзор Кыргызстандын балык чарбаларынан форель жана форель икраларын алып кирүүгө тыюу салган. Аталган мекеме бул чечимин КРдан барган балыктардагы листерия менен антибиотиктердин нормадан ашып кеткени жана дарыя форелинин өлчөмүнө мүнөздүү эмес, өтө чоң балыктар табылганы менен түшүндүргөн.

КР Балык чарба ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаевдин айтымында, Россиянын тыюу салуусунун негизги себеби балыктын курамындагы заттар эмес. Негизги факт — Кыргызстанда көптөгөн чарбалар Кытайдан келген балыктарды реэкспорттоо менен алектенгени.

Олег Досаев белгилегендей, бирок Россельхознадзор Кыргызстандан барган балыктарды киргизүүгө тыюу салуусунун себебин азыктагы антибиотиктер жана листериялардын нормадан ашыктыгы менен түшүндүргөн. Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси бул жөн гана манипуляция экенин, анткени антибиотиктер да, листериялар да бул тармактын продукцияларынын баарына тыюу салгыдай коркунучтуу эмес экенин билдирди.

"Балыктын курамында антибиотиктин болушу нормалдуу эле. Бирок анын нормадан максималдуу деңгээлде жогору болушу татаал маселе. Листерияга келсек, ал бардык жерде бар. Балыктан листерияны таап алуу бул жөн гана манипуляция элементи катары, антибиотиктер сыяктуу эле продукциянын экспортун жабуу үчүн эле колдонулууда", — деди Досаев.

Сүт азыктары

21-апрелде Россельхознадзор Кыргызстандагы бардык ишканалардан Россияга сүт азыктарын ташууга тыюу салган болчу. Мекеме Кыргызстандын ишканаларында "издөө системасы жок, чийки заттын келип чыгышына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес" деп белгилеп, ишканалар документи жок сүттү колдонушарын жана азыктарын маркировкасыз сакташарын айткан.

Буга жооп катары Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы (АӨК) Россельхознадзор КРнын мамлекеттик органдарына расмий билдирбестен тыюу салуу чечимин кабыл алганына нааразычылыгын билдирди. Уюм ошондой эле бул Кыргызстандан сүт азыктарынын экспортунун тез өсүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

"2023-жылдын 1-кварталында РФнын аймагына 1.3 миң тонна сүт азыктары экспорттолду, бул 2022-жылдын акыркы кварталына салыштырмалуу 5 эсеге көп. Өлкөдөгү экспорттун өсүшү табигый сүттүн жогорку сапатына, даамына жана бааларына байланыштуу болуп жаткан", — деди Ассоциация.

Ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев Economist.kg сайтына комментарий берип жатып, Россиянын КРдан сүт алууга тыюу салуусу боюнча кырдаал ЕАЭБдин принциптерин бузат деп билдирди.

"Алар мыйзам бузган конкреттүү компанияларды көрсөтүшү керек эле, бирок анын ордуна Кыргызстандын бардык сүт азыктарына тыюу салышты. Натыйжада, саналуу ишкерлердин айынан бүт тармак жапа чекти. Бул таптакыр туура эмес, тыюу салуу чаралары ЕАЭБдин бардык мыйзам принциптерине карама каршы келет", — деди ал.

Колбаса азыктары

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Россельхознадзор күтүүсүздөн кыргызстандык халал өндүрүүчүнүн колбасасынан, тагыраак айтканда, "Адал Азык" компаниясынын "Тойбосс" брендинин продукциясынан чочконун ДНКсы табылганын жарыялаган. Россия колбасага тыюу салбаганы менен бирок бул окуя чоң жаңжалга айлангандыктан, көңүл бурбай коюуга болбойт.

"Адал Азык" компаниясы орус мекемесинин бардык айыптоолорун четке кагып, өз продукциясында эч качан чочконун этин колдонбогонун билдирген. АӨК Ассоциациясы да кырдаал боюнча расмий билдирүү тараткан болчу.

"Акыркы жылы "Адал Азык" Россияга экспортун көбөйттү. 2023-жылдын биринчи кварталында 144 тонна продукция жөнөткөн. Буга байланыштуу биз дискредитациялоочу соода оюндары жана тышкы рынокко чыгууга кара ниеттик жасалма чектөө болгон жок деп айта албайбыз", — деп билдирди Ассоциация.

Аягында иликтөө уюштурулуп, "Тойбосс" брендинин продукциялары ар кайсы өлкөлөрдүн лабораторияларына экспертизага жөнөтүлгөн. Жалпысынан 57 үлгү жөнөтүлгөн. Алардын бардыгынан чочконун ДНКсына терс анализдер келген.

Бийлик эмне дейт?

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Российская газетага" берген маегинде ЕАЭБ алкагында түзүлүп жаткан эркин соодага болгон тоскоолдуктарга нааразы экенин билдирди.

"Биз жаңы биримдикти түзүп, жакшы ниет менен жасап жатабыз, бирок иш жүзүндө интеграция кээде жасалма болуп жатат. ЕАЭБди жок кылгыла. Чынын айтсак, биз көп жакшы нерселерди күткөнбүз. Биз мигранттарыбыз, ишкерлерибиз, эркин соода үчүн жакшы шарттар болот деген элек. Биримдиктин ичинде тилекке каршы жасалма тоскоолдуктар дээрлик тынымсыз болууда. Ошол эле учурда ЕАЭБге кирбеген кээ бир өлкөлөр бизде жок жеңилдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү алышты", — деген ал.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, тескерисинче, Россиянын Кыргызстандан сүт жана балык алып келүүгө тыюу салганын саясатташтырууга негиз жок экенин билдирген.

Корутунду

Россельхознадзордун дооматтары, албетте, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө өтө терс таасирин тийгизди. Өлкөнүн балык жана сүт тармагы тыюу салуулардан кыйроого учуроо коркунучунда калды, себеби, алардын экспортунун негизгиси россиялык рынок болчу. Ал эми "Адал Азык" компаниясынын имиджи жана анын "Тойбосс" брендинин репутациясына чоң сокку урулуп, россиялык кардарлардын ишенимин кетирди.

Бул эң чуулгандуу үч жагдайды талдап көрөлү:

  • Кыргызстандын форель балыгына Россиянын дооматтары бар, бирок Россельхознадзор колдонгон негиздер манипуляциялоого жакын деп айтууга болот.
  • "Тойбосс" колбасаларында чочконун этин колдонуу боюнча айыптоо негизсиз, себеби, бир дагы лаборатория бул мыйзам бузууларды тастыктаган жок.
  • Россиянын Кыргызстандан бардык сүттү импорттоого тыюу салышы ЕАЭБдин принциптерин бузат, ал эми Россельхознадзордун жүйөлөрү так спецификацияларга ээ эмес жана өтө бүдөмүк.

Мындай тыюу салуулар саясий соода оюндарыбы деген темада чексиз талашып-тартышса болот. Бирок бул суроого так жооп алуу мүмкүн эмес.

Кантсе да Кыргызстандын ишкерлери кынтык таба албай тургандай продукция чыгарат, мамлекеттик органдар көзөмөл иштерине кылдат мамиле жасап, ата мекендик бизнеске болгон ар кандай тыюу салууларга ыкчам чара көрүшөт, ал эми Россельхознадзор өз чечимдеринде адилеттүү болуп, ЕАЭБдин нормаларын бузбайт деп үмүттөнөлү.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media