"Элдик турак жай компаниясы" аркылуу ипотекалык кредитти кантип алса болот? — жол-жобосу

"Элдик турак жай компаниясы" аркылуу ипотекалык кредитти кантип алса болот? — жол-жобосу

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) социалдык, жеңилдетилген жана арзан деп үч багыттагы ипотекалык насыяларды берип келет. Бирок анын ичинен дагы "Элдик турак жай компаниясы" аркылуу да бардык каалоочуларга ипотекалык насыяларды берет.

"Элдик турак жай компаниясы" МИКтин алдында түзүлгөн туунду компания, тагыраак айтканда, МИК жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму анын акционерлери болуп саналат.

Бул компаниянын шарттары бир топ жеңилдетилген. Тактап айтканда, үй алууну каалаган кардар компанияда турак жай депозиттик эсебин ачып, акчасын салып, канча бир талаптагыдай сумма топтолгондон кийин ипотекалык насыя алса болот. Анын жылдык үстөк пайызы 8%дан жогору.

"Элдик турак жай компаниясы" өлкө боюнча келишимдик-сактык системасы менен иштеген жалгыз мамлекеттик мекеме. Чектөө жок болгондуктан, кардарлар бизнес класстагы, иштеген жеринен алыс болгон башка аймактардан үй ала алышат. Күрөөгө насыяга алынып жаткан мүлк кабыл алынат. Кредиттик калькулятор аркылуу болжолдуу бааны бул жерден санап көрсөңүз болот.

«Элдик турак-жай компаниясы» Кыргызстандагы эң пайдалуу пайыздык чен менен өзгөчө турак жай насыясын сунуштайт:

  • үй сатып алууга
  • турак жайды оңдоп жана жакшыртууга (курулуш материалдарын сатып алууга, куруучулардын эмгек акысын төлөөгө);
  • үй салууга (жер тилкесин сатып алууга).

Турак жай насыясынын пайдалуу өзгөчөлүктөрү:

  • Жылдык пайыздык чен 6%дан башталат
  • Насыянын максималдуу суммасы 4 млн сом
  • Өзүңүздүн атыңызда турак жай барбы же жокпу жана мамлекеттик ишкана, бюджеттик мекеме же жеке ишкана болобу, ал жагдайлардан көз карандысыз, КРнын бардык жарандары арзан турак жай насыясын ала алышат.
  • Насыянын суммасы турак жайдын баасынын 50% гана түзөт. Себеби, сиз «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманаттык эсебинде үй алууга керектүү сумманын 50%ын алдын ала топтоп аласыз.

Программанын катышуучусу (максаттуу топ): "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" турак жайын каржылоо багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген, ТАКК менен башкы макулдашуу түзгөн жарандар.

Кредиттин суммасы:

  • "Жеңилдетилген ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча — 4 млн сомго чейин
  • "Арзан ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча — 5 млн сомго чейин.

Пайыздык чен:

  • "Жеңилдетилген ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча баалоо көрсөткүчүнө ылайык жылдык 6% дан 8% чейин
  • "Арзан ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча баалоо көрсөткүчүнө ылайык жылдык 10% дан 12% чейин.

Кредиттин мөөнөтү: салымды топтоо мөөнөтүнө жараша 25 жылга чейин.

Баштапкы төгүм: турак жай-аманат салымы башкы макулдашуунун келишимдик суммасынан 30%дан кем болбоого тийиш.

Кредитти берүүнүн мөөнөттөрү: турак жай-аманат салымынын (депозитинин) келишиминин суммасынан 30%дан кем эмес топтолгон учурдан тартып, баалоо көрсөткүчү жана/же күтүү мезгили менен аныкталат.

"Элдик турак жай компаниясы" байланыш телефондору: 0312 61-0718 0550 29 21 21; 0509 29 21 21; ал эми сайтын бул жерден көрсөңүз болот.

Ал эми кошумча маалымат катары айтсак, МИК үч багытта насыя берет:

  • "Социалдык ипотеканын" алкагында жарандардын айрым категориялары, тагыраак айтканда, көп балалуу, жалгыз бой ата-энелер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер 4% төмөн үстөк менен ипотекалык насыя ала алышат.
  • Жеңилдетилген ипотеканы жалпы мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген жарандар 6%дан баштап ала алышат.
  • Арзан ипотеканы ишинин чөйрөсүнө карабастан, эмгек/чарба/ишкердик менен алектенген КРнын бардык жарандары 8% менен ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала